Арыктагыңыз келеби, анда бийлеңиз!

19 апреля 2019 Арыктагыңыз келеби, анда бийлеңиз!

Бий – маанайды көтөрүп гана тим болбостон, ошондой эле дене мүчөңүздүн калыбына келүүсүнө таасир берет. Эгер залга барып машыкпай эле сымбаттуу болууну кааласаңыз, бийге катышууга кеңеш беребиз. Ал сиздин ашыкча салмактан арылууңузга жардамдашып, аялдык назиктигиңизди арттырат.

Испан бийи

Бул кумар арттырган бийде тез, ошол замат боло турган кыймылдар көп. Демек, сиздин ар бир булчуң этиңизге салмак түшөт деген сөз. Айрыкча бел менен кол ар дайым кыймылда болот. Бул бийде кемчиликсиз келбет маанилүү, ошондуктан ийиниңизди түздөп, кыймылыңызды жөндөөгө мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Реггетон

Эгер сиздин физикалык даярдыгыңыз болсо, жанып турган Латын Америка бийлерин бийлесеңиз болот. Бул бийдин бутка, жамбашка, санга тийгизген таасири чоң. Өзүнүн сандарын түздөтүүнү каалаган сулууларга табылгыс бий түрү.

Чыгыш бийи

Курсагынын кемчиликсиз болгонун каалаган кыздарга арналган бий түрү. Курсагыңызга көп салмак түшөт, ал тургай машыгуу залында андай күч жумшабайсыз.