Сүйүү кумары жетишпеген айымдарды дароо эле аныктоого болот

19 апреля 2019 Сүйүү кумары жетишпеген айымдарды дароо эле аныктоого болот

Аял киши кол алдында иштегендерге сүйлөнүп, аларды урушуп же койгон талаптарын жогорулата берсе, ошол эле кызматкерлер бири-бирине көз кысып, мыйыгынан күлүп, шыбыраша башташат. Жетекчисинин күйөөсү жок болсо, секс жетишпесе, анан эмне кылышмак эле?    

Чын эле интимдик жашоосу аксап, жеке жашоону жана секс деген эмне экенин билбей жашаган аялдар кандай болушат, байкап көрөлү.

1. Кээ бир аялдар бир топ камкор болуп чыга келет. Эгер сексуалдык инстинкт иштебесе, демек энелик инстинкт иштей баштайт. Мындай аял баланы өзүнүн гипер камкордугу менен жүдөтүп жибериши мүмкүн. Эгер бала чоңоюп, эненин камкордугуна муктаж болбой калса, же такыр эле баласы жок болсо, анда мындай учурда аялдардын мышык кучактагандан башка айласы калбайт.  

2. Дагы башка аялдар абдан кызганчаак болуп калат. Мындай аял сериалдарды кууп көрүп, үй кожейкелери үчүн жазылган сүйүү романдарын окуп, аларды интернет форумдарда талкуулап жетишет. Кээде романдардын ордуна кадимки адамдардын, мисалы коңшуларынын, кесиптештеринин, туугандарынын жеке жашоосу талкууланат. Ал активдүү ушактап, сындап жатып калат.

3. Үчүнчү топко кирген аялдар эч кимди сөз кылбайт жана сындабайт дагы, тескерисинче алар бирөөнүн турмушуна киришип, оңдоого аракет кыла баштайт. Мисалы, кызына же кесиптешине күйөө издеп, үйүнө чакырып, аларды тааныштырып, өзүнчө эле убара боло берет.

4. Эгер аял идеяга бай жана эмгекчил болсо, анда баш оту менен кылган ишине берилип, чоң бийиктиктерди багындыра алат. Ошол эле учурда ал башка бирөөлөрдүн жеке жашоосун жана кызыгуусун эч убакта баалабайт. Кесиптештеринин жолдоштору жана жубайлары анын пландарынын ишке ашуусуна тоскоолдук гана болуп саналат.

5. Бул топтогу аялдарга адатта темпераменттүү, орто жашка барып калган аялдар кирет. Алар ачык түстө кийинип, жаш кыздардай боёнуп, чач жасалгасын да кескин түрдө өзгөртүп, элдин көңүл чордонунда болгонду жактырышат. Алардын сүйлөгөн сөзү да бир ордунда болбой, оң-тетири сүйлөй беришет. Туурасы, дал ушундай аялдар каалаганына бат жетишет.

Ал эми сиз “жеке жашоого жана секске муктаж” деген диагноз койчу аялдарга жолуктуңуз беле?