Жөлөкпул үчүн үч күйөөсүн өлтүргөн аял өлүм жазасына кесилди

18 апреля 2019 Жөлөкпул үчүн үч күйөөсүн өлтүргөн аял өлүм жазасына кесилди

Жапон бийлиги журналисттер “кара жесир” деп аташкан 70 жаштагы Чисако Какехини өлүм жазасына кести. Ал өзүнүн үч күйөөсүн уулап өлтүрүп, досуна кол салгысы келген. Бул тууралуу France-Presse басылмасы жазат.

Тергөөнүн жүрүшүндө аял жөлөкпул алып туруу үчүн өз күйөөлөрүн уулап өлтүргөнү аныкталган. Ошентип, аял үч маркумдун аркасынан 8,8 млн доллар көлөмүндө жөлөкпул алып үлгүргөн.

Дарыгерлер аялдын кем акыл экенин айтышканына карабай, сот аны оор жазалоону туура деп тапкан. Мындан улам, ал өлүм жазасына кесилди.