Шашылыш билдирүү! Сел жүрүшү мүмкүн

18 апреля 2019 Шашылыш билдирүү! Сел жүрүшү мүмкүн

20-22-апрель күндөрү нөшөрлөп жаан жаайт.

Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-22-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ал эми тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал.

Спутник Кыргызстан