Кайсы кесип адамдын психикасын бузат

18 апреля 2019 Кайсы кесип адамдын психикасын бузат

Кээ бир адистиктер адамдын психикасына терс таасир этет. Алар кайсылар?

Аскер адамдары

Аскер адамдары – абдан катуу тартиптеги адамдар. Алар жада калса жакындарына да катуу талап коюшат. Аскер кызматкерлери өз адистигин өздөштүргөнүн мындан билиңиз: үй-бүлөсүндө каардуу диктаторго айланышат.

Журналист

Эл алдында эмес, көлөкөдө жүрүүнү каалаган бул адис ээлери абдан сөз аңдыгыч келишет. Журналисттердин жумушу ар дайым жакшылык менен аяктай бербейт. Кээ бир көйгөйлөрдүн айынан журналист өз алдынча жашай албай калышы мүмкүн.

Мугалим

Мугалимдер адатта сыймыктанып келишет. Алар кесипкөй адис болгондуктан, өздөрүн ишенимдүүалып жүрүшөт. Мугалимдер көп учурда өздөрүн башкалардын ордуна коюп көрө алышпайт. Мындан тышкары, чыдамдуу көрүнүүдөн чарчашат.

Психолог

Психологдор бул адистикке келбей туруп, баарынан мурда бейтаптардын эмес, өз жашоосун бир жолго салып алуулары керек. Башканын кандай адам экенин кыймылынан эле билген психологдор кээ бир учурда адамдарды өз максаттарына колдонушу мүмкүн.

Соода менеджери

Соода менеджеринин иши адамды алдап, арбап, кандай болсо да товарды өткөрүү. Кээ бир менеджерлер кесипкөй адис болуп көрүнгүсү келгендиктен мылжыңжап, калпты көп сүйлөшөт. Ал да адамдын өзүнө зыянын тийгизет.

Юрист

Ар бир ишке кылдаттык менен караган адамдар юрист болууну тандап алышат. Бирок, бир аз убакыттан кийин бул адистик соо адамдын өзүн чарчатат. Анткени, юристтер жеке адамдардын аракетинен кыянаттык издеп турушат.

Бухгалтер

Эсепчилер баардыгын так ары ишенимдүү иштеп үйрөнүп калышат. Ошондуктан,кенедей нерседен ката чыкса, алар коркушуп карашат. Алар кагаз иштерине абдан көнүп калгандыктан, адамдар менен аралашуусу азаят.

Дарыгер

Дарыгер адамдын өмүрүнө жооп бергендиктен, алардын психикасына иши түздөн-түз таасир этет. Психологдор дарыгерлерге жакындары менен аралашууга, стрессти сыртка чыгарууга кеңеш беришет.