Зоопарттагы зордукчу. Понини зордуктаган жигит камакка алынды

18 апреля 2019 Зоопарттагы зордукчу. Понини зордуктаган жигит камакка алынды

Берлиндеги зоопаркта үрөй учурган окуя болду. 23 жаштагы жаран зоопарктагы понини зордуктап салды. Бул тууралуу Lenta.ru кабарлайт.

Эркек киши үч жылга эркинен ажыратылышы же айыппул менен кутулушу мүмкүн. Андан бөлөк жаранга мындан ары балдар зоопаркына кирүүгө тыюу салынат.

Белгилүү болгондой, понини зордуктаган 23 жаштагы жигит сириялык качкын болуп чыкты. Анын понини зордуктап жатканын зоопаркка келгендердин бири байкап калган.

Аял бул шумдук окуяны дароо сүрөткө тартып, полиция кызматкерлерине кабар берет. Зордукчул дароо камакка алынган.