Төшөк оюндары учурунда эмнелерге тыюу салынарын билесизби?

18 апреля 2019 Төшөк оюндары учурунда эмнелерге тыюу салынарын билесизби?

“Түнкү оюн” эки адамга тең тиешелүү болгондуктан, эки жактын тең суранычын канааттандырууга аракет жасаш керек. Бүгүн эркектердин көзү менен төшөктөгү тыюу салынган 8 адаттын тизмесин сунуштайбыз. Анда эмесе окуп олтуруп, өзүңүздү салыштырып көрүңүз!

1. Сүйүктүүңүздүн денесин эркелетип жатканда жагымсыз угула турган аттарды колдонбоңуз! Мисалы “кирпим”, “маймылым” деген сыяктуу сөздөрдүн такыр кереги жок.

2. Төшөктө акча суроону унутуңуз! Сиз үчүн бул эң пайдалуу көз ирмем катары саналышы мүмкүн. Бирок, ишенип коюңуз төшөктө байлыктын артын ойлоп, карыз суроо эч кимге жага бербейт. Өзүңүздү да төмөн деңгээлге түшүрүп салгандай көрүнөсүз. Ошондуктан, керектүү акчаңызды төшөктөн бөлөк  жерде сураңыз.

3. Мурда канча аял менен болгонун сурабай эле коюңуз! Көпчүлүк аялдар жубайынын мурун канча кыз менен жүргөнүн, ал тургай жыныстык катнашта болгонуна чейин калтырбай сурап алышат. Бирок, мунун зарылчылыгы барбы? Ошончолук эле билгиңиз келип жатса, башка учурда сураңыз, бирок кумарга батып жатканда эмес. Бул экөөңүздөргө тең кубаныч тартуулабасын  жакшы билесиз.

4. Телефонуңуз чырылдаса чуркап жөнөгөн болбойт! Негизи уюлдук телефонду өчөрүп же үнсүз режимге коюп койгонуңуз туура. Жакын мамилени үзө салып, телефонго жооп берип, сүйлөшүп олтура берсеңиз, бияктагы өнөктөшүңүз өзүн кордолгондой сезет.

5. Орунду алмаштыруудан коркпоңуз! Негизи жубайлардын кыялга берилип турганы жакшы. Мисалы, күндө эле бир керебеттин үстүндө жата бергенди өнөктөшүңүз жактырбашы мүмкүн. Жок дегенде жерге түшүүгө каршылык көрсөтпөңүз! Ошондой эле, жерге түшкөндөн кийин ал жердин жакпай турганын айтып, “арызданбаңыз”. Аны башка жол менен акырын айтып жеткире билиңиз.

6. Легендарлуу G чекитин издебей эле коюңуз! Ушул бир түшүнүксүз чекиттерди (эрогендик жер) өнөктөшүңүздөн “таптыңбы” деп сурай берүүнүн кереги жок. Оюңуздун баары ошол жакка бөлүнүп, кумардан куру калышыңыз мүмкүн.

7. Эмчек – аялдын жалгыз эрогендик жери эмес! Негизи көп аялдарга өзүнүн көкүрөгүн көпкө карматып, мыжыгылай берген жакпайт. Адистердин айтымында, көкүрөктү көп аймалоонун натыйжасы жыныстык катнашка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

8. Төшөк катнашын “кирдетпе”. Төшөгүңүздү таза кармаганга үйрөнүңүз. Шейшептериңизди өз убагында жаңыртып, таза заттарды пайдаланган өзүңүзгө да жакшы.