Кабулга карата Москванын саясатына ооган премьер-министринин башкача көз карашы

31 октября 2018

Ооган премьер-министри Абдулла Абдулла Москванын тынчтык конференцияга катышуу үчүн Талибанды чакыруусу Ооганстандын улуттук суверенитетине доо кетирет деп билдирди. Орусиянын ооган саясаты боюнча өзгөрүүсү боюнча тынчсызданганы анчалык логикага туура келбейт деп эсептейт “Парс Тудей” иран басылмасынын автору. Ал өзгөрүүлөр Батыш менен мамилелердин жакшыруусунун негизинде болмок.

Орусиянын Батыш өлкөлөрү менен болгон мамилеси өзгөрдү. Бирок, Кабул Москва ООганстанга жардам көрсөтүүнү уланта берерин Кабул күтүүдү, - деп билдирди премьер-министри Абдулла Абдулла.

Абдулла Абдулла мурда Орусия Ооганстанга терроризм менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүп келгенин билдирди. Анын сөзү боюнча, Ооганстан Батыш менен Орусиянын мамилесине эч кандай таасир этпейт жана эте да албайт.

Премьер-министр Ооганстанда тынчтыкты орнотуу үчүн Орусияны өзүнүн басымын Исламабадга колдонууга чакырды.

Абдулла: “Буга чейин Москва региондун өлкөлөрүн, дүйнөлүк державаларды жана “Талибан” кыймылын тынчтык конференциясына катышуу үчүн чакырган эле. Бул Ооганстан үчүн ылайыксыз, анткени чакырылган мамлекеттер менен катар Талибандын конференцияга катышуусу Ооганстандын улуттук суверенитетине доо кетирет”, - деп билдирди.

Батыш менен Ооганстандын министрлер кабинетинин ооган саясатына карата өзгөрүүсү боюнча тынчсызданганы бир катар себептерден улам анчалык логикага туура келбей калат. Андай учур Батыш менен Орусиянын мамилесинин жакшыруусунан улам болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда Абдулла таасир менен убара, бул жылуулук Москванын  жергиликтүү экстремисттер менен күрөшүүгө, өзгөчө Ооганстан аймагындагы терроризмге каршы турууга колдоо көрсөтүшү мүмкүн, көптөгөн стратегиялык себептер боюнча Кремлдин туруктуу милдеттеринин бири болуп кала берет.

2001-жылдан баштап, АКШ менен НАТО терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен ООганстанды басып алган. Бул өлкөдөн Орусия аймагына экстремисттердин агылуусу Москваны дайыма тынчсыздантып келген. Акыркы жылдары аймактагы ИМдин күч алышы орус чек араларынын коопсуздугуна таасир этип, чочулоо жаратып келет.

Оогандык аскердик серепчи Джавид Кухестани Америка Ооганстандагы ИМ террористтик тобун колдойт деп эсептейт жана  бул топтун абдан күжүрмөн элементтери арабдардын жардамы менен Карачи порту аркылуу өлкөгө келет.

Бир катар документтердин жарыялануусуна жана АКШнын Сирия, Ирак жана андан кийин Ооганстандагы “ислам мамлекетин” колдой турганын көрсөткөн далилдердин пайда болушуна байланыштуу, бул кадамдын негизги максаты Орусиянын коопсуздугун алсыратууга жана Москваны террордук чабуул коркунучун жаратууга багытталган деп болжоого болот. Кремль менен болгон атандашуу чыңалган атмосферада Ак үйдүн максаты ушундай болушу мүмкүн.

Ооганстандын саясий серепчиси Лиякат-Али Амини Орусия Ооганстанда жайгашкан ИМ согушкерлеринин чыгып жаткан жана Орто Азия республикаларынын чек араларындагы коркунучту сезип жатат, ошондуктан Орусия бул маселе боюнча БУУга тынчсыздануусун билдирди жана дүйнөлүк коомчулукту экстремисттик уюмга каршы турууга чакырды.

Ооганстандагы террордук коркунучтардын жайылуу мүмкүнчүлүгүнөн башка, Орусиянын аймагына ушул өлкөдөн жолун баштаган баңгизат тарфиги кирери Москваны тынчсыздандырат. Ал трафик андан ары башка өлкөлөргө жайылуу максатын көздөйт.

Муну менен, Орусия менен Америка ортосундагы атандааштык шарттарында АКШнын Ооганстандагы терроризм менен баңгизатка каршы күрөштө туура эмес жана ийгиликсиз саясаты Москванын тынчсыздануусун токтотпойт. Анткени, бул саясат Орусиянын улуттук коопсуздугу менен кызыкчылыгына түз таасир этет.

Булак: http://stanradar.com/news/full/31543-drugoj-vzgljad-afganskogo-premer-ministra-na-politiku-moskvy-v-otnoshenii-kabula.html?fbclid=IwAR2kpR-4JqnRB6XHBdwHxD2RrBJ31PBEG6z0LUnOiQIa0iipwqMz3ePnfPI