Ала жипти аттаган эркекти жүзүнөн кантип билсе болот? Иликтөө

18 апреля 2019 Ала жипти аттаган эркекти жүзүнөн кантип билсе болот? Иликтөө

Иликтөөгө 751 эркек катышкан.

Ала жипти аттоого шыктуу эркекти жүзүнөн кантип аныктаса болорун Батыш Австралия университетинин окумуштуулары изилдеп чыкканын Daily Mail басылмасы жазды.

Иликтөөгө 751 эркек катышкан. Алардын жеке турмушу тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндө, ар бир бешинчи киши үй-бүлөсү бар туруп, "сыртта" көңүл ачкан учурлар көп болорун мойнуна алган.

"Тескери" басканды жакшы көргөн эркектердин дене түзүлүшү олбурлуу, жүзү ороюраак, көпчүлүк учурда сакал-муруту өсүп кеткен, сыланып-сыйпанбаган адамдар экени байкалды. Ал эми өзүн кынаптап карап жүргөн аял сындуу эркектер көбүнесе түз жүрөрү аныкталды", — дешти окумуштуулар.

Ошол эле учурда адистер аял кишинин аягы суюк экенин жүзүнөн карап билүү мүмкүн эмес экенин кошумчалашты. Дагы бир иликтөөдө аялдардын мындай "жөндөмү" тууралуу манжалары белги бериши мүмкүн экенин айтышкан.

Спутник Кыргызстан