Окумуштуулар лабораторияда эки баштуу акула багышкан

18 апреля 2019 Окумуштуулар лабораторияда эки баштуу акула багышкан

Малагадагы белгилүү испан университетинин окумуштуулары лабораториялык шарттарда акуланын эки баштуу эмбрионун чоңойтушту. Тажрыйба түрдүү тирүү жаныбарлардын жүрөк-кан тамыр тутумунун өнүгүүсүнүн анализи боюнча изилдөөлөрдүн алкагында жүргүзүлгөн.

Эксперимент жүргүзүү үчүн 800 эмбрион алынып, алардын бири децифал болуп чыккан. Окумуштуулар билдиргендей, эмбриондун денеси жарымынан экиге бөлүнүп, эки жүрөк, эки ашказан жана эки боорго ээ болгон.