18 апреля 2019
Бул окуя Австралияда болгон. Чуулгандуу окуя Австралиянын Түштүк Австралия штатында болгон. 7 жаштагы эки бала уюлдук телефондон порнографиялык мүнөздөгү тасмаларды көрүп алып, мектепке жакын жердеги балдар аянчасында 6 жаштагы кызды зордукташкан.
Полициянын маалыматы боюнча, жашы жете элек кылмышкерлер жазага тартылбайт, анткени жергиликтүү мыйзамга ылайык алар онго толо элек - бул жазага туртуунун минималдуу жашы. Ал эми жабырланган кыздын энеси даттануусун улантууга аракет кылууда.
Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик тарабынан жашы жете электерге интернеттеги контенттердин жеткиликтүүлүгүнө чектөө киргизүү жөнүндө талкуу жүргүзүлүп жатат.