Көздүн алдындагы шишиктен кантип кутулууга болот?

31 октября 2018 Көздүн алдындагы шишиктен кантип кутулууга болот?

Көз айланасындагы эң назик тери – ден соолук абалынын көрсөткүчү. Мисалы,уйкунунканбоосу же алкоголдук ичимдиктинтаасирикөздүнастына кара из калтырат.

Көз астындагы кара тактан кутулуу үчүн адистер күнүнө 7 сааттан көбүрөөк уктоого, көп кабатырланбоого кеңеш беришет. Адатта уйкусуздуктун айынан адам ачуулуу болуп, нерв системасы бузулуп, бети тез картайып кетет. Ошондой эле, тамактануу системасын да катуу көзөмөлгө алган туура. Куурулган, өтө туздалган жана майлуу тамак-аштардан баш тартып, кофе менен алкоголдук ичимдикти да азайтуу керек.

Ал эми жогоруда айтылган кеңештер жардам бербесе, анда дарыгерге көрүнүп, кан аздуулукка анализ тапшыруу керек дешет косметологдор.

Кара сызыкты убактылуу жашыруу үчүн түрдүү табигый маскалар жардам бере алат. Мисалы, курамындагы А витамини, кофейини бар майлар тактын ордун билдирбей, бир нече убакытка сулуулугуңузду кемчиликсиз кылып көрсөтөт.