Казакстанда өгөй кыздарына кордук көрсөткөн аял сурак берүүдө

18 апреля 2019 Казакстанда өгөй кыздарына кордук көрсөткөн аял сурак берүүдө

Түркстан облусунун Жетисай шаарында үч өйгөй кызын уруп-согууга айыпталган аял сурак берүүдө. Кыздар ооруканага жеткирилди.

Жетисай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турсын Мырзалиевдин айтымында, 12-апрелде шаардагы мектептердин биринде 6, 7 жана 9-класстарда окуган биртууган кыздардын бети көгөргөнү байкалган. Мектеп директору бул тууралуу билим берүү бөлүмүнө кабар берген. Андан соң район акимчилиги полиция менен бирге кыздарды ата-энесинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Окуучуларды чоң апасы алып кетип, кийин ооруканага алып келген.

16-апрелде социалдык түйүндөрдө тараган видеодо өспүрүм кыз денесиндеги бүтүп калган жараатты көрсөтүп, өгөй апасы аттиш менен сабаганын айткан.

Облустук полиция департаментинин маалымат катчысы Салтанат Каракозова аталган окуяга байланыштуу кыздардын өгөй энесине карата кылмыш иши козголгонун кабарлады. Учурда анын баш коргоо чарасы каралып жатат.