Самаркандда иниси машине талашып, агасын өлтүрүп койду

17 апреля 2019 Самаркандда иниси машине талашып, агасын өлтүрүп койду

Самаркандда бир тууган агасын өлтүрүүгө айыпталган 20 жаштагы жигит кармалды. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча 12-апрелде ал агасын думуктуруп өлтүрүп, андан соң бакка асып таштаган.

Кошуналарынын айтымында, ага-ининин ортосундагы жаңжал атасынан калган "Дамас" үлгүсүндөгү эски автоунааны талашуудан улам келип чыккан.

Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы бул маалыматты тастыктады. Райондук прокуратура “Атайлап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда.

Экспертизанын жыйынтыктарына ылайык, маркум алгач думуктурулуп, андан соң бакка асылганы аныкталган. “Кармалган жигит эч жерде иштеген эмес. Ал агасын өлтүргөнүн мойнуна алды”, – деди Самарканд облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери.