Сасык тумоо учурунда эмне кылууга болбойт?

31 октября 2018 Сасык тумоо учурунда эмне кылууга болбойт?

Аба ырайы салкындай баштагандыктан, сасык тумоо да күч алат. Айланаңыздан чүчкүрүп жана жөтөлүп жүргөн адамдарды көп көрө баштайсыз. Көп узабай алардын катарына өзүңүз да кошулушуңуз мүмкүн. Адамдар тез айыгуу үчүн дарылануу учурунда бир нече каталарды кетирет.

1-ката. Дарылануу учурундагы каталардын бири – басып жүрүү. Сасык тумоонун баштапкы белгилерин байкасаңыз, мүмкүн болушунча, жатып эс алууга аракет кылыңыз. Биринчиден, ооруп, иштериңизди бүтүрүү үчүн жүрө берсеңиз, аны күчөтүп алышыңыз мүмкүн. Экинчиден, башкаларга жуктурасыз.

2-ката. Тез айыгуу үчүн көпчүлүк дароо антибиотиктердин жардамына кайрылат. Бирок, антибиотиктер бактериялар жуккан кезде колдонулат. Ал тумоо менен суук тийүүнүн вирусун дарылайт. Тескерисинче, көзөмөлсүз антибиотик кабыл алуу иммунитетти алсыратат, ошондуктан организм вирус менен күрөшө албайт. Мындан тышкары, антибиотиктер ичегинин иштешин бузат, ошондуктан ич катуу же өтүү болот.

3-ката. Температураңыз көтөрүлсө, аны ылдам калыбына келтирүүгө аракет кылабыз. Ошол үчүн дароо ысыкты түшүрө турган дарыларды иче баштайбыз. Негизи, ооруган кезде температуранын көтөрүлүүсү – организмдин кадимки реакциясы. Дене температурасы 38 градустан ашпаган учурдаысык түшүрүүчү дарыларды ичпей эле койгон туура. Анткени, организмдин вирус менен күрөшүүсүнө тоскоол келтиресиз.

4-ката. Көпчүлүк адамдар сасык тумоо учурунда жылуу бөлмөдө калың кийинип алып, кабат-кабат жууркандын астында жатуу керек деп ойлошот. Ал эми чындыгында андай абалда вирус өзүн жакшы сезгендиктен, организм менен күчтүрөөк күрөшөт. Оорулуу жаткан бөлмөнү маал-маалы желдетип туруу керек, башкача айтканда бөлмөгө таза, ары нымдуу аба кириши керек. Бул – соо адамдардын оорунун алдын алуусуна арналган ыкмалардын бири.

5-ката. Тумоонун бир белгиси – жөтөл. Жөтөлдөн арылуу үчүн ага арналган дары алабыз, бирок анын таасир этүү механизмине маани бербейбиз. Ошентсе да, жөтөлдүн түрүн айырмалап билүү керек. Какырык чыгаруучу же кургак жөтөлдү басуучу сироптор болот. Мисалы, нымдуу жөтөл учурунда кургак жөтөлгө арналган дары ичсеңиз, какырык өпкөдө чогула берет. Натыйжада оор ооруга алып келиши мүмкүн.