Башкы прокурор: Садыр Жапаровдун ишинде жаңы жагдайлар жок

17 апреля 2019 Башкы прокурор: Садыр Жапаровдун ишинде жаңы жагдайлар жок

Депутат Зиядин Жамалдинов Садыр Жапаровдун ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча райондук жана шаардык прокуратура жардам бербей жатканына токтолду.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши соттук териштирүү учурунда толук каралганын айтып, ал боюнча жаңы жагдайлар жок экенин билдирди.

Учурда башкы прокурор мекеменин 2018-жылы жасаган иши тууралуу отчет берүүдө.

Жыйында депутат Зиядин Жамалдинов Садыр Жапаровдун ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча райондук жана шаардык прокуратура жардам бербей жатканына токтолду.

Өз кезегинде Жамшитов мыйзам боюнча жаңы ачылган жагдайлар соттук териштирүү убагында каралбаган маселелер болсо, жаңы ачылган жагдайлар болуп саналарын айтты.

"Биз (прокуратура — ред.) соттук териштирүү учурунда бардык жагдайлар каралган, такталган деп жатабыз. Андыктан алардын (тараптардын — ред.) бүгүнкү күнү келтирген дооматтары жаңы ачылган жагдай болуп эсептелбейт деген чечимге келдик", — деди башкы прокурор.

Жамшитов ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык жаңы ачылган жагдайлар боюнча тараптар өздөрү Жогорку сотко кайрылууга укуктуу экенин кошумчалады.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген.

Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жазасын өтөп жатат.

Спутник Кыргызстан