Өлкөдө паспорт тендери боюнча үч аткаминер кармалды

17 апреля 2019 Өлкөдө паспорт тендери боюнча үч аткаминер кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) жетекчилиги электрондук паспортко бланктарды сатып алуудагы тендер чырына байланыштуу кармалганы кабарланды.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев, аталган мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынганы айтылууда.

Атайын кызмат үч чиновник кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин ачыктады.

УКМК тараткан маалыматта 2018-жылы биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча 1 миллиард 263 миллион сомдук тендер жарыяланып, ага чет элдик беш компания катышканы айтылат. Тендерде компаниялардын бири эң арзан бааны сунуш кылганына карабай Мамкаттоонун комиссиясынын чечими менен тендерден өтпөй калганы белгиленет. УКМК Мамкаттоонун кызматкерлери белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет кылышкан деп эсептейт.

Мекеменин Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев буларды айтып берди:

«Башкы прокуратура 2019-жылдын 26-февралында паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендер боюнча кылмыш ишин козгоп, иш азыр тергелип жатат. Баштапкы маалымат боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 253 млн. 377 миң сомду түзөт».

Чуулуу тендерди өткөрүүгө тиешеси бар экени айтылган 15 адамдын тизмесинде жүргөн Мамлекеттик каттоо кызматынын азыркы жетекчиси Алина Шаикова менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Мамкаттоонун мурдагы төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев бул жагдай боюнча пикир айтуудан баш тартып, бардык суроолор укук коргоо органдарына берилүүгө тийиш экенин билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын «камалды» деп сөз болуп жаткан орун басары Руслан Сарыбаев буга чейин «Азаттыкка» интервью берип, тендер мыйзам чегинде өткөнүн айткан. Ал эми камалганы айтылып жаткандардын дагы бири, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев президентке караштуу Өлкөнү санариптештирүү кеңешинде да мүчө экени белгилүү.

Аталган кеңештин мүчөсү, Бишкектеги Жаңы технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров Абдуллаев дасыккан адис экенин, эки компаниянын тирешинин курмандыгы болуп жатканын айтты.

Тендерди утуп алган литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы да үн катып, Кыргызстандын укук коргоо органдары тараткан маалыматты четке каккан. Компаниянын директорунун кеңешчиси Витаутас Меляускас каралоо жүрүп жатканын жана бул иш боюнча эл аралык сотто териштирээрин кыйыткан.

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта электрондук жалпы жарандык паспорттор бериле башташы керек эле.