Дүйнө элдеринин туулган күн белгилөө салттары

31 октября 2018 Дүйнө элдеринин туулган күн белгилөө салттары

Тарыхта биринчи жолу өз туулган күнүн байыркы египеттиктер белгилей баштаган. Бул майрам кийин Ассирияга тараган. Бирок, туулган күндү бир гана фараондор менен алардын мураскерлери гана майрамдай алган. Сарайларда чоң той өтүп, бүткүл эл белгилей турган болгон. Кээде фараон туулган күнүнө карата түрмөдөгү кылмышкерлердин жазасын жеңилдетип, боштондукка чыгарган. Андан бери туулган күн ар элде ар кандай майрамдала баштады. Анда эмесе назарыңыздарга туулган күндөгү өзгөчө ырым-жырымдар менен майрамдоо салты бар элдерди сунуштайбыз.

Нидерланд: баарын куттуктоо

Нидерландыда салттуу "Happy birthday!" жок болгону менен, өздөрүнүн "Gefeliciteerd!" (Куттуктайбыз!) деген куттуктоо сөзү бар. Ал туулган күн ээсине гана эмес, анын бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындары менен досторуна айтылат. Себеби, элдин түшүнүгүндө туулган күн – баарына тең майрам. Айрыкча туулган күн ээсинин эң жакын адамдарына.

Аргентина: ун чачып, башына жумуртка жаруу

Бул салт балдар 18ге, кыздар 15ке чыкканда гана жасалат. Ал эми бул жашка чейин балдардын бутун басуу ырымы аткарылат. Ошондуктан, Аргентинада 18 жана 15 жашка чейинки балдар өз туулган күнүндө эс алышпайт.

Мексика: бетине торт чаптоо

Мексикада да туулган күн ээсиэтият болушу керек. Каалаган учурда анын достору же туугандары креми көп тортту бетке былч эткизиши мүмкүн. Бул аркылуу кандай куттуктоо, ырым жасалары белгисиз, бирок Мексикада мындай көрүнүш көп кездешет.

Таиланд: монахтарга белек берүү

Таиландда элдин көбү – буддисттер. Алар өз динине коомдук деңгээлде маани берет. Мисалы, буддист адам өз туулган күнүндө саат таңкы алтыда ибадатканага барып, монахтарга белек же азык-түлүк алып барып берет.

Канада: мурун майлоо

Кээ бир үй-бүлө мурун майлоо сыяктуу өзгөчө салтты ушул күнгө чейин сактап келет. Туулган күн ээсинин мурдуна май сүйкөөнүн мааниси – кырсык менен кыйынчылыктар анын башынан май үстүндө сыйгалангандай оңой кетсин деген тилек.

Дания: желек илип коюу

Эгер Данияда терезе, балкондо илинүү турган желек көрүп калсаңыз, бул үйдө туулган күн майрамдалып жатат деп ойлой бериңиз. Данияда желекти өзгөчө аздектешет. Ал тургай туулган күндө да. Себеби, анын тарыхый мааниси эл аң-сезимине зор касиет катары сиңип калган. Ал дүйнөдөгү эң байыркы желек болуп келе жатканы да ушундан болсо керек.

Кытай: кесме ичүү

Кытай маданиятында тамактын орду өзгөчө. Батыш өлкөлөрү торт үстүндөгү шамды үйлөтүшсө, кытайлар кесме жегизишет. Эң маанилүүсү – кесмени үзбөй жеш керек, үзүп алсаң – жаман ырым. Бул салттын  маңызы – кесме канчалык узун болсо туулган күн ээси ошончолук узак, жемиштүү өмүр сүрөт.