Париждин символу болуп калган Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүндө 15-апрелде ири өрт чыгып, имараттын чатыры толугу менен урап түштү.
Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүндө өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:50дө (Бишкек убактысы боюнча 22:50) чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын чатыры толугу менен урап түштү. Франциянын ЖМКларынын жазышынча, тарыхый жайда реставрация иштери жүрүп жаткандыктан, чатырдагы курулуш жыгачтары күйүп кеткен.
Франциянын маанилүү символуна айланган жай тууралуу жети фактыны сунуштайбыз.
Курулуш иштери 1163-жылы башталып, 1250-жылы аяктаган. Кийин чиркөө бир нече жолу оңдолуп, кеңейтилип, жаңы элементтер кошулган. Анын пайдубалына биринчи ташты Рим папасы Александр III койгон.
Учурдагы чиркөөнүн ордунда бир нече храм болгон. Анын ичинде христиандардын Париждеги биринчи чиркөөсү ыйык Стефандын храмы да орун алган.
1239-жылы чиркөөгө Христостун тикенектүү ыйык чамбары алып келинген. ЖМКлардын жазышынча, 15-апрелде чыккан тилсиз жоодо бул баалуу буюм жабыркаган эмес, аны сактап калууга жетишишти.
Чиркөөнүн чатырындагы узун темир шиш биринчи жолу урап жаткан жок. Ал Улуу Француз революциясы учурунда талкаланып, 1840-жылы калыбына келтирилген. Революция учурунда бийликке жаңы келгендер шаардыктардан аны түрттүрүү үчүн ири суммадагы каражат сурашкан, кийин бул имарат "акылдын храмы" деп аталып калган.
1804-жылы Наполеон Бонапарт дал ушул имаратта тактыга отурган. Бул жерде анын баласы Наполеон IIни чокундуруу салтанаты болгон. Андан сырткары, жээни Наполеон IIIнүн үйлөнүү үлпөтү өткөрүлгөн.
Чиркөөнүн жогорку бөлүгү сыйкырдуу жандыктар менен шөкөттөлгөн. Атап айтканда, гаргулья жана химера бар. Биринчи эстеликтер орто кылымда коюлган. Ал эми химералар XIX кылымда реставрация учурунда пайда болгон.
Чиркөөнү жок болуу коркунучунан жазуучу Виктор Гюгонун чыгармасы сактап калып, дүйнөгө атагын чыгарган. Гюгонун "Собор Парижской богоматери" романынан кийин имаратта реставрация иштери башталып, ал 23 жылга созулган. Ага чейин чиркөөнү түрттүрүп салуу сунушталып жаткан.