Чачтарачтар айтпаган 6 нерсе

31 октября 2018 Чачтарачтар айтпаган 6 нерсе

Узун, ары сулуу чачтуу болууну каалагандарга арналган кеңештерди сунуштайбыз.

  1. Ар 6 жума сайын чач кырктырбаңыз

Эгер чын эле узун чачтуу болууну кааласаңыз, стилисттер айткандай көп кырка берүүнүн кереги жок. Чачыңыз узун болуусу үчүн жылына эки жолу гана кырктырып, бирок ар дайым чачтын учуна кам көрүп туруңуз.

  1. Чач түзүмү менен чач түсү сиздикине окшош жылдыздарга караңыз

Өз стилиңиз менен чач үлгүңүздү табуунун эң оңой жолу – сизге окшош жылдыздарга кароо. Эгер алар тандаган чач үлгүсү менен чач боёгу өздөрүнө жарашып турса, сизге да жарашуу ыктымалдыгы жогору болот.

  1. Өзгөрүүнү дароо эмес, бара-бара жасаңыз

Айрыкча, таптакыр өзгөрүүнү кааласаңыз, аны аз-аздан баштаган туура. Кээ бир чач үлгүсүн калыбына келтирүү үчүн бир нече ай, ал тургай кээдк бир нече жыл кетет.

  1. Сиз кыялданган түскө бир боёгондон жете албайсыз

Кемчиликсиз түстү бир нече жолу боёгондон кийин алууга болот. Табигый кара түстүү чачты эч качан табигый сары түстүү чач сыяктуу агартуу мүмкүн эмес. Бирок, ойлогон түскө жакындатуу үчүн чач адисине убакыт керек.

  1. Өзүңүзгө жаккан жана жактырбаган нерсенин сүрөтүн көрсөтүңүз

Чач чебери чач боёонун же үлгүсүнүн натыйжасын көз алдына элестетүү үчүн сизге жаккан жана жакпаган сүрөттөрдү көрсөтүңүз. Аны интернеттен издөөгө болот.

6. Өзүңүзгө жаккан чебер табууга убакыт жумшаңыз

Чачтарач – сиздин келбетиңизге жооптуу адам. Ошондуктан, аны менен байланышта болуу маанилүү болуп саналат. Чачтарач менен сүйлөшүңүз, анализ жасаңыз. Аны менен эркин сүйлөшө аласызбы? Ал сизди түшүнүп жатабы? Түшүнүүгө аракет кылабы? Ал адам катары сизге канчалык жагат?