Мамлекеттик тарых музейи жакын арада ачылат, бирок так датасы азырынча белгилене элек.
Анын айтымында, музейдин ачылбай жаткан себеби козголгон кылмыш ишине байланыштуу эмес.
"Тарых музейинин ремонт иштери, ичи толугу менен бүткөн. Германиядан алып келинген атайын жабдуулар бар болчу. Адистер ага программалык камсыздоо иштеп чыгып жатышканына байланыштуу ачылбай жатат. Учурда музейде жарым-жартылай жамааты, тагыраагы, илимий жана археологиялык иштер менен алектенген кызматкерлер иштеп жатат", — деди Жаманкулов.
Эске салсак, 2018-жылдын башында Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштери менен жеринде таанышып, 2018-жылдын март айында ачылары маалым болгон.
Бирок май айында депутаттар Тарых музейин реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгып, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ал эмеректердин баасын жарыялаган.
Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү иштерин баштап, июлда Башкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгогон.