Крокодилден коркуп муздаткычта түнөгөн электрик бутунан айрылды

16 апреля 2019 Крокодилден коркуп муздаткычта түнөгөн электрик бутунан айрылды

Ямайкадагы Пур-Менз-Корнер шаарында электрикке крокодил кол салганын Jamaica Star жазды.

Жумуштан кийин 48 жаштагы электрик Найджел Гейл сергиш үчүн пляжга барган. Ал тизесине чейин суу кечкенде крокодил кол салган. Гейл элди жардамга чакырган, бирок айланада эч ким жок болуп калган.

Ал акыры жандыктын оозун керип, качууга үлгүргөн. Кан аккан бутун таңып, жээкте турган эски муздаткычка кирип алган.

Гейл муздаткычтын ичинде түнөгөн. Эртең менен аны жолдо бараткан киши байкап калып, ооруканага жеткирген. Натыйжада дарыгерлер анын бутун кесип салууга аргасыз болушкан.

Спутник Кыргызстан