Индиянын Чхаттисгарх штаттындагы сиам эгиздери бөлүнүп өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берген хирургиялык операциядан баш тарткандарына өкүнбөйт экендигин маалымдашты.
“Эми бизди кааласак да бөлүүгө болбойт. Биз чоңойдук. Эми баары кеч. Дарыгерлер бизди мындан ары бөлүүгө болбой тургандыгын айтышты. Биз кандай жаралсак, ошол бойдон калгыбыз келет. Буз Жараткандын бизге болгон эң чоң белеги. Денебиз эки бөлөк болгону менен, жаныбыз бир”, - дешет 18 жаштагы Шиванат жана Шиврам Саху (Shivanath and Shivram Sahu).
Сиам эгездериин денелери курсак көңдөйүнөн кошулат. Ошон үчүн алардын жүрөгү менен колу бөлөк. Дааратканага өз-өзүнчө барышат. Алар күнүмдүк турмуштагы кыймыл-аракеттерди эч кыйынчылыксыз аткарышат. Төрт колу жана эки буту менен жерге таянып жүрүүгө көнүп калышкан. Шиванат менен Шиврам мектепке барып билим алышат жана алдыңкы окуучулардын катарында.
2014-жылы алардын өмүрү тууралуу тартылган тасмадан кийин эгиздерди түт дүйнө тааныган. Аларга бир нече дарыгер байланышып, өз жардамдарын сунушташкан. Анткен менен, эгеиздер операциядан баш тарткан.