Мойнун "кырс" эттире коем деп инсульт болду. Улуу Британиядагы окуя

16 апреля 2019 Мойнун "кырс" эттире коем деп инсульт болду. Улуу Британиядагы окуя

Улуу Британияда моюндун талыганын жазам деп кырс эттирген кыз инсультка кабылды. Бул туурасында The Mirror басылмасы жазды.

Окуя марттын башында болгондугу айтылат. 23 жаштагы кыз үйүндө керебетте фильм көрүп жатканда чиренип, андан сырткары, мойну талып кеткендиктен, адатынча кырс эттирген. Андан 15 мүнөт өтпөй сол буту кыймылдабай, тура калам дегенде полго кулап түшкөн.

Ооруканага баргандан кийин адистер моюнду кырсылдатам деп омуртка артериясына зыян кылып алганын айтышкан. Томографияга түшкөндө кыздын инсультка кабылганы аныкталды.

Кан тамырларына операция жасалганына карабастан, денесинин сол тарабы иштебей калган.

Фельдшер болуп иштеген британиялык кыз инсульттун өтүп кетиши арсар экендигин айтууда.

"Ар бир мүнөттө биздин мээнин клеткалары улам өлүп турат. Жаш болсоңуз да, инсультка кабылышым мүмкүн деген кооптонууну эстен чыгарбооңуз кажет", — деген ал.

Кыздын ичпей, чекпей турганы, ал тургай, үй-бүлөсүндө эч ким ким инсультка кабылбаганы белгилүү болду.

Маалыматта анын учурда дарыланып, өз алдынча басканга жарап калганы айтылган.

Спутник Кыргызстан