16 апреля 2019
Аламүдүн районундагы Ленин айылында автокырсык болуп рулдагы адам каза тапканын окуяга күбө болгон адам билдирди.
Окуя 16-апрелде болжол менен саат 01:30дар чамасында Ленин районундагы май куюучу жайдан алыс эмес жерде болгон. Кадрдан авто унаа түркүккө капталдап келип тийип, эки бүктөлүп калганы көрүнүп турат.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнөн кырсыктын болгонун тастыкташты. Nissan Cefiro жолдун боюндагы түркүктү сүзүп, ошол жерден адам өмүрү кыйылган.
Автоинспекторлор окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк толук маалымат берерин айтышты.
Факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.