Жигит 19 бай бийкеч менен мамиле куруп, ошолордун эсебинен күн көрүп келген

16 апреля 2019 Жигит 19 бай бийкеч менен мамиле куруп, ошолордун эсебинен күн көрүп келген

“Кытайлык Казанова” деп таанылган жигит дүйнө жүзүн таң калтырды. Укук коргоо органдарынын назарына түшкөн жигит 2017-жылдан баштап 19 кыз менен сүйүү мамилесин курган.

Тан аттуу жигит 2017-жылга чейин суусундук промоутери болуп иштеп келген. Бирок, кийин жеңил жол менен акча табууну көздөйт. Тездик менен баюуну көздөгөн жигит оокаттуу үй-бүлөдөн чыккан кыздарды издей баштайт. Оюн ишке ашыруу үчүн Instagram тармагынан бизнес-аккаунт ачат. Дүйнөлүк бренддердин арзан жасалгалары менен сүрөткө түшүп, баракчасына жүктөп, “ак боз аттуу канзаадага” айланат.

2019-жылы жигиттин кылтагына илинген кыздардын саны 19га жеткен. Аларды кезек менен жолугууга чакырып, батыштагы бизнеси тууралуу “жомокторду” айтып, акча сурап жүргөн. Кыздардын ишенимине кирүү үчүн жигит кээде “кымбат” белектерди берип турган.

Кыздар акча берүүдөн баш тарткан учурда, жигит мамилени үзүп, изин суутуп кетип жүрөт. Кийинчерээк кыздар “Кытайлык Казанованын” үстүнөн арыз жазып, полицияга кайрыла баштаган.

Жигиттин Ван аттуу алгачкы курмандагы 100 000 юань (1 юань = 11 сомго барабар) жана өзүнүн унаасын пайдаланууга берген. Мындан тышкары, кыздын боюна бүтүп калат, жигит “адал адам” катары аборт жасатпай, баланы чогуу тарбиялайбыз деп ишендирет

Кийинчерээк Ян аттуу кыз 150 000 юань (болжол менен 1 650 000 сом) карызга берип, кайтарып ала алган эмес.

Күн өткөн сайын жигиттин былыктары ачылып, арыздар көбөйгөн. 19 кыз анын курмандыгы болгон. Учурда полиция ишти карап жатат. “Кытайлык Казанова” жасаган кылмыштары үчүн мыйзам алдында жооп берет.