Нью-Йоркто жесир аял 300 миң долларды мышыктарына мураска калтырды

16 апреля 2019 Нью-Йоркто жесир аял 300 миң долларды мышыктарына мураска калтырды

Нью-Йоркто жашаган Эллен Фрей-Ваутерс аттуу аял өзүнүн эки мышыгына 300 миң доллар акчаны мураска калтырган.

Бул тууралуу New York Post кабарлайт.

Нидерландынын жараны Эллен Фрей-Ваутерс БУУда иштеген. Анын күйөөсү 1989-жылы көз жумуп, ал эми баласы ымыркай кезинде эле каза болуп калган. Ал эми Фрей-Ваутерстин өзү 88 жашында дүйнө салды.

Аялды жакшы тааныган Далия Гриззлдин айтымында, “мышыктар анын балдары сыяктуу болгон”. Азыр ал Тигр аттуу мышыкка кам көрүүдө.

Экинчи Трой деген мышыгы аялдын бир жардамчысы Ританын камкордугуна алынган.

Мышыктар өлгөндөн кийин аларга тиешелүү каражат Фрей-Ваутерстин сиңдисине өтөт. Мураска калган 3 миллион доллар Ваутерстин эки жардамчысына, кайрымдуулук фондторго жана адвокатына бөлүнгөн.