Документке деп түшкөн сүрөт ийгиликтүү болсун десеңиз...

31 октября 2018 Документке деп түшкөн сүрөт ийгиликтүү болсун десеңиз...

Көп учурда кыздарга документке арнап түшкөн сүрөтү жакпай калат. Сүрөт жакшы чыгышы үчүн бир нече кеңеш сунуштайбыз.

  1. Тери

Биринчи эреже: эч кандай жалтыр текстура болбошу керек. Алар бетиңизге керек эмес көлөм берет жана көзүңүздү кичирейтет. Бетиңиз жалтырап калбашы үчүн тоналдык кремдин сыртынан упа сүйкөңүз.

  1. Каш менен кирпик

Канчалык коюу болсо, ошончолук жакшы: сүрөттө каш менен кирпик “желет”, ошондуктан уялбай, кашыңызды жалпак, кою түстүү кылып боёй берсеңиз болот. Көзүңүздү кара карандаш менен чийип, тушту да аябай коё бериңиз.

  1.  Эрин

Сизди күңүрт (матовый) эрин боёгу куткарат. Каныккан, бирок табигый эриниңизге жакын түсүн тандаңыз. Сүрөткө түшөрдө нюд өңүн сүйкөбөңүз.

  1. Эңкейүү

Ээгиңизди бир аз түшүрүңүз. Ооба, адатта сүрөткө тарткан адам аны көтөрүүнү суранат. Бирок, ээкти бир аз төмөн түшүргөн учурда беттин төмөнкү жагы бир аз кичирейип, бетиңиз арык болуп көрүнөт.

  1. Бурулуш

Өзүңүздүн рационалдуу жагыңыз менен кичине гана бурулуңуз. Башкача айтканда, аны бир аз гана алдыга чыгарыңыз.

  1. Күлүмсүрөө

Адатта, сүрөткө күлүп түшкөндүктөн, көз кысылат, бет жогору көтөрүлөт жана эриниңиз ачылат. Документке андай сүрөт жарабайт, бирок жөн гана жылмаюу сүрөтүңүзгө мода берет. Болушунча табигый жылмаюуга аракет кылыңыз.