Төшөктө уят болуп калган эркек көңүлдөшүнүн кекиртегин кесип салды

16 апреля 2019 Төшөктө уят болуп калган эркек көңүлдөшүнүн кекиртегин кесип салды

Эркек киши курмандыгынын денесин түз эле каучук плантациясына таштап койгон. Анын мейманканага акчасы жок болгондуктан, ошол жерде түгөйү менен жакындашкан.

Таиландтын жашоочусу 23 жаштагы Наттан Ракнуя өзүнүн көңүлдөшү 22 жаштагы Джирапон Теппайини өлтүргөнү үчүн камоого алынды.

Бул тууралуу Daily Mail кабарлайт.

Түгөйлөр бир нече ай мурун интернет аркылуу таанышышкан жана биринчи жолугушууга келгенге чейин кызыгуу менен жазышып турушкан.

Наттан мейманкана жалдаганга акча таба алган эмес. Ошол үчүн табияттын кучагында жолугушууну уюштурган. Каучук плантациясында жолугушкан эки жаш дароо эле жыныстык катнашка барышкан.

Андан кийин кыз башка жолугуунун зарылчылыгы жок экенин билдирген. Кыз Наттан менен болгон секс жакпай калганын мойнуна алган жана ортодогу мамилени сактап калууну каалаган эмес.

Ыза болгон эркек бычак алып, өзүнүн көңүлдөшүнүн кекиртегин кесип салат да, ошол эле каучук плантацияда калтырып кетет. Кыздын денесин 3 күн өткөндөн кийин гана табышкан.

Өлтүргөн адамдын өздүгүн видео байкоо камерасы аркылуу аныкташкан. Алар түгөйлөрдүн мопед менен плантацияны көздөй бара жатышканын, ал эми ал жактан кайтып келе жатканда жигит жалгыз болгонун аныкташат.

Жигит кылмышын мойнуна алган жана бул үчүн ал өлүм жазасы кесилиши мүмкүн.