Эң бактылуу адамдар жашаган өлкө аныкталды

16 апреля 2019 Эң бактылуу адамдар жашаган өлкө аныкталды

Норвегиянын жашоочулары жер бетиндеги эң бактылуу адамдар деп табылды. Бактылуу өлкөлөрдүн рейтинги The Spectator журналына жарыяланды, деп кабарлайт lenta.ru.

Бул тизмеде экинчи жана үчүнчү орунду Дания менен Исландия ээледи. АКШ болсо 14-орунда, ал эми Улуу Британия 15-орунга жайгашкан.

34-орунда Бириккен Араб Эмираты, Россия 49-орунда турат. Түркия менен Кытай 69 жана 79-орунда. Тизмени 122-орунда турган Индия бүтүргөн.

Казакстан болсо 60-орунга жайгашкан. Түркмөнстан 59-орунда, Өзбекстан 47-орунда, Кыргызстан 98-орунду ээлеген.

lenta.ru