Уюлдук телефондун сиз билбеген сырлары бар

31 октября 2018 Уюлдук телефондун сиз билбеген сырлары бар

Бүгүнкү күндө кайда барсак да жаныбызда жүргөн, жок болсо издеген дүнүйө – уюлдук телефон. Ал эми ушул колдонуп жүргөн уюлдук телефон жөнөкөй дүнүйө эмес экенин билесизби?

Эгер, сиз кармап жүргөн уялдук телефонуңуздун сырын толук билем десеңиз, адашасыз. Анткени, телефондун биз биле элек ички сырлары жетиштүү. Ошондуктан, мен сиздерге өзүм билген уюлдук телефондун сырлары тууралуу бир нече кеңеш сунуштайм.

 • Өзгөчө кырдаалга байланыштуу жардам чакырган 112 номерин терсеңиз, ал дүйнө боюнча абдан тез тарайт. Ал номер сиз байланыш аймагынан тыш жерде болсоңуз да, телефонуңуз кулпу режиминде турса да иштей берет.

Ошондой эле, телефонуңуздан 112 номерин терип, тийиштүү орган менен байланышкан учурда алар сиздин турган жериңизди ошол заматта эле аныктап чукул чарага киришет.

 • Талаадагы жагымсыз аба ырайында телефонуңузду колдонбоңуз. Себеби, уюлдук телефонуңузду жаман аба ырайында колдонуу кубатын тез жок кылат. Мындай аба ырайында уюлдук телефонду аябай зарыл кезде гана колдонгон туура.

 • Ошондой эле, телефонду түнү бою кубаттап коюуга болбойт. Адистердин айтымында, телефонду 100%га чейин кубаттоо аккумулятор үчүн зыян.

• Уюлдук телефонуңуздун кубаты 0%га чейин бүтөрүн же 100%га чейин толгонун күтпөңүз. Анткени, көптөгөн уюлдук телефондорго орнотулган литий-иондуу батареяларды 50-80%га чейин гана кубаттандырса, өз ишин жогорку деңгээлде аткарат. Бул маалыматты “Farbe Technik” компаниясынын аккумуляторлорду жасоо бөлүмүнүн адистери тастыкташкан.

• Wi-Fi, Bluetooth жана башка функцияларын өчүрүп коюңуз. Колдонбогон учурда керексиз функцияларды өчүрүп жүргөнүңүз туура. Анткени, бул функциялар телефондордун кубатын тез жумшайт.

• Мындан тышкары, телефондун ичинде сакталып туруучу кошумча кубаты болот. Аны мындайча колдоносуз. Эгер сиз чалуу күтүп турсаңыз, телефонуздун кубаты өчүп алса, андайда телефондун кошумча аккумуляторун кошууга болот. Ал үчүн *3370# белгилерин терүү керек. Ошол учурда телефонуңузда сакталган кошумча кубат ишке кошулуп,  бир нече пайыздык “заряд” берет. Анан каалашыңызча пайдалана бересиз. Ал эми кийин сиз телефонуңузду кубаттаганда кошумча аккумулятор кайра толот. Бирок, бул бардык телефондо боло бербейт.

• Уюлдук телефонду жумасына жок дегенде бир жолу өчүрүп туруу керектигин баарыбыз биле бербейбиз. Адистердин айтымында, бул телефондун аккумуляторунун иштөө мөөнөтүн узартат.

• Уюлдук телефонуңузга ар дайым сыр сөз киргизип коюңуз. Көчөдөгү уурулуктардын 40%ы телефон уурулугу экенин эскертсек, аны дайыма сыр сөз менен коргоп жүргөнүбүз туура болот. Эгерде телефонуңузду уурдап кетсе, ууру телефонуңуздун сыр сөзүн ачтырып, ичиндеги сиз жөнүндөгү маалыматтар менен сиздин сактап жүргөн сырларыңызды өчүрүп салат.

 • Телефонуңузду уурдап кеткен учурда аны “жабык” режимге коюуга болот. Телефон өзүңүздө жүргөндө анын сериялык номерин билүү үчүн *#06# белгилерин тересиз. Андан кийин экранга 15 сандан турган код чыгат. Ал ар бир телефондо боло турган жеке коду. Ошону көчүрүп алып, сактап коюңуз. Телефон уурдалган учурда тийиштүү операторго байланышып, ошол кодду айтсаңыз, сиздин уурдалган телефонуңузду жабык режимге салып коёт. Андан кийин анын sim-картасын алмаштырган күндө дагы колдонуу мүмкүн болбойт. Албетте, телефонуңузду кайтара албасаңыз да, ууру колдоно албайт.

Мына, биз сунуштаган кеңештер ушундай. Белгилей кетсек, колдонуп жүргөн телефондордун сыры менен мүмкүнчүлүгү бул гана эмес. Күн сайын жаңырып жаткан бренддерде биринен бири ашып өткөн программалар орнотулууда.