“Региондун коопсуздугу” деген сөз айкашын колдонгон учурда биринчи кезекте ойго армиянын абалы, тертероризм менен күрөш, атайын кызматтардын иштөө сапаты жана башкарлар келет. Ошондой болсо да, экономиканын абалы, маданий кызматташтык, улуттар аралык мамиле, ресурстар менен камсыз болуу, социалдык чөйрөнүн абалы жана башка тынчтыкты сүйгөн чөйрөлөр коопсуздукка өз таасирий тийгизбей койбойт. Толук тэрдө бул Борбордук Азияга тиешелүү, андагы коопсуздук Ооганстан менен коңшу болуу жана ислма экстремисттеринин иши менен бүтпөйт.
Тоскоол болгон таштар
СССР кулагандан жана региондун беш өлкөсү эгемендикке жетишкенден кийин алар бир катар жаңы чакырыктарга туш болушту. Алардын арасында – жакырчылык, жумушсуздук, айыл чарба секторунун натыйжасыздыгы, өнүгүүнүн диспропроциясы, чек аралардын такталбагандыгы, ээконогиялык көйгөйлөр жана суунун жетишсиздиги, коомдук чыңалуунун өсүүсү, этникалар ортосундагы карама-каршылыктын курчушу, радикалдык диний уюмдардын ишинин активдешүүсү, коомдун крималга аралашуусу жана баңги зат трафигинин көбөйүшү.
Жогоруда белгиленген көйгөйлөр Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин курчушуна, саясий демарштарга, визалык режим киргизүүгө жана жада калса куралдуу кагылышууга алып келген учурлар болгон. Акыркы жылдары кырдаал турукташууда, анткен менен пейпилдиктен алыс.
Мисалы, Өзбекстан менен Тажикстандын, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын карама-каршы туруусуна алып келген суу ресурстарын колдонуу маселеси дагы деле жөнгө салынган эмес. Чыңалуунун себеби болуп Борбордук Азия жакынкы келечекте суу жетишсиз регионго айлана турган факты саналат, анда суу менен камсыздоо 2040-жылдарга карата 25%га төмөндөп, киши башына жылына 1,5 миң куб метр сууну түзүп калат. Тактап айтканда, Өзбекстандын президенти ШюМирзиёев Дүйшөмбүнүн Рогун ГЭСин куруу укугун тааныды жана өзбек тарап куруу ишине катышарын билдирди. Өз кезегинде, казак тарап регионалдык суу-энергетикалык консорциум түзүү маселесине келүүнү сунуштады. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын электр энергиясын өндүрүүчү катары кызыкчылыктарын баланстоого мүмкүндүк бермек.
Социалдык-экономикалык чөйрө тууралуу айта турган болсок, Борбордук Азиянын туруктуулугуна терс таасирин региондун мамлекеттеринин өнүгүүсүндөгү маанилүү дисбаланс таасир этет. Эгер Казакстанда ИДӨ 2018-жылы киши башына 8111 долларды түзсө, Түркмөнстанда – 7087 доллар, Өзбекстанда – 2019 доллар, Кыргызстанда – 1127 доллар, ал эми Тажикстанда – болгону 634 доллар. Борбордук Азиянын салыштармалуу жакыр бөлүктөрүндө райондордун исламдашуусу көз краашынан алганда Фергана өрөөнүнүн улуттук аралашуусу жана Ооганстан менен ири чек арасы бар Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу областы сыяктуу көйгөйлөр бар.
Ташкентте өткөн Борбордук Азиянын коопсуздук жана экономикалык өнүгүү проблемасы боюнча эл аралык конференциянын учурунда Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин башчысы А.Камилов Борбордук Азияда тынчтыктын өнүгүүсүнө жана бекемделүүсүнө таасир эте турган жети шартты атады. Алардын ичинде эксремизм жана терроризм менен күрөшүүдөн тышкары, Ооганстандагы жаңдалжы жөнгө салууну, саясий мамилелерди эң жогорку деңгээлде жөнгө салууну, жеңилдетилген бажы жол-жоболору менен соода-логистикалык коридорлорду өнүктүрүүнү, маданий-гуманитардык мамиле түзүүнү, ошондой эле сууну пайдалануу жана экология маселелерин чечүүдө тыгыз кызматташтыкты эске салды.
Ооган фактору
Албетте, Борбордук Азиянын коопсуздугуна таасир эткен биринчи кезектеги фактор болуп көп жылга созулган ооган чатагы саналат. Өлкөнү “баарын баары менен” жарандык согушка киргизген, жеңишке жеткире албаган АКШ өздөрүнүн аскерлерин чыгарып кетүү жөнүндө “Талибдер” менен макулдашууга чыгып жатат. Вашингтондук оккупанттардын маскаралык качуусу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн түздөн-түз чек араларында аскердик аракеттерди олуттуу күчөтүүгө алып келди. Ошондой болсо да, кабул өкмөтүнөн түндүк провинцияларды тартып алып жаткан “Талибан” региондун өлкөлөрүнүн аймактын бирдиктиги үчүн коркунуч жаратпайт.
Бирок, эгер борбор азия мамлекеттеринин чек арасына жакын жайгашкан областтарга басып кирүүлөр жөнүндө айтпай турган болсок, анда согуштун фонунда террористтик коркунуч тездик менен өстү. Евразиялык аналитикалык клабдун директору Н.Мендкович көрсөткөндөй, 2018-жылдын декабырндагы БУУнун Коопсуздук кеңешинин отчетуна ылайык “Аль-Каида” эл аралык террористтик тобунун ооган Бадахшанында, Тажикстан менен менен чек аралаш райондордо жеке базалары бар. Алардын штабы Шигнан районунда жайгашкан. Проинцияда аларга Өзбекстандан, Тажикстандан, Кыргызстандан жана Орусиядан чыккан 500 согушкер баш ийет, алардын арасында КМШда тыюу салынган, “Жамаат Ансаруллохту” кошкондо, террористтик топтордун мүчөлөрү бар”.
Жалпысынан Борбордук Азиянын чек арасына жакын жерде террористтер көп – бул кытай уйгурлары түзгөн “Чыгыш Түркестандын ислма партиясы”, “Өзбекстандын ислам кыймылы” жана ДАИШ. Акыркысынын Бадахшанда, Өзбекстан менен Түркмөнстанга чек аралаш Балха, Сари-Пуль жана Фарьябда базасы бар.
Бардык ушул бандалар жалданма согушкерлерди талыкпай айгырып, Борбордук Азия өлкөлөрүндө көмүскө ячейкаларды түзүп жатышат. Эл аралык мамилелер боюнча Казакстандык кеңештин төрагасы Е.Кариндин сөзү боюнча, террористтер аялдар менен балдарды экстремисттик ишке барган сайын кеңири азгырып жатат. Мисалы, 2015-жылдан 2017-жылга чейин анын өлкөсүнөн террористтик уюмдарга 250дөн ашык киши кошулуп кеткен, алардын ичинен 80ден ашык аял жана 60тан ашык балдар бар.
Ооганстандагы туруксуздуктун артынан Борбордук Азияда исламчылардын, коорупцияга малынган чиновниктердин жана баңги заттарын ташуу боюнча мафиянын торлору пайда болууда. 2018-жылга карата Ооганстанда баңги заттарын мыйзамсыз өндүрүүнүн көлөмү 2001-жыл менен салыштарганда 100 эседен ашып кеткен.
2018-жылдын жай мезгилинде өткөн ЖККУнун “Канал-кордон” деп аталган бир эле операциясынын учурунда 5,5 тоннадан ашык баңги зат каражаттары, психотроптуу жана катуу таасир бере турган заттар, алардын ичинен – 4755 кгк апийим, 418 кг нашаа, 84 кгк героин, 189 кгк марихуана жана 9 кгк синтетикалык баңги заттары тартылып алынган.
Антташ достор
Борбордук Азиянын коопсуздугу маселесин карап жатып, АКШнын жана анын союздаштарынын региондогу ишине көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес.
Биринчиден, согуш, терроризм Ооганстандагы баңги зат бизнеси толугу менен басып алгандардын абийиринде, 2001-жылы агрессия көрсөтүп кирип келген. Анткен менен, бул окуя андан да мурун башталган, адна Вашингтон СССР менен күрөшүү үчүн террористтик топторду түзө баштайт. Терроризм менен баңги зат трафиги менен күрөшүү түрүн көрсөтүү менен экстремисттердин активдүүлүгүн Орусияга жана мурунку СССРдин өлкөлөрүнө, анын ичинде Борбордук Азияга билип туруп багыттоо жүрүп жатат.
Сирияда ДАИШти талкалагандан кийин америкалыктар салыштармалуу согушка жарамдуу согушкерлерди Ооганстандын түндүк областтарына жөнөткөн. Таанылуучу белгилери жок тик учактар менен аларды курал-жарактар жана ок-дарылар менен жабдып жатат. 10-мартта “Реалист” маалымат агенттиги “оруси армиясындагы жогорку даражалуу булакка” таянуу менен: “Америкалыктар түндүк Ирактан жана чыгыш Сириядан Ооганстандын түндүк жана түндүк-батыш бөлүгүнө миң терористти жеткирди. Пентагон Орусиянын ЖККУ боюнча союздаштары – Кыргызстан менен Тажикстанды туруктуздаштырууну пландап жатат. Андан болсо да, чабуулга биринчи кезекте Түркмөнстан жана Казакстан туш болот. Жогорку чыр-чатактуу кырдаал Орто Азиянын бардык республикаларында, Өзбекстанды кошкондо, байкалууда”, - деген билдирүү таратты.
Ал эми баңги заттардын өндүрүшү тууралуу айта турган болсок, Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча атайын генералдын тескөөчү (SIGAR) Джона Ф. Сопконун отчетуна ылайык, АКШнын апийимди өндүрүүгө каршы күрөшүү боюнча аракети анын өсүүсүнө гана түрткү берип жатат. SIGARдын баасы боюнча, анын себеби каражаттарды максатсыз пайдалануу болуп саналат, анын катарында USAID дагы бар. МГИМОнун Аскердик-саясий изилдөөлөр борборунун серепчиси М.Александроу айткандай, “каталар эске алып жаткан сыяктуу, бирок арам ой камтылып турат. Башында АКШ Ооганстандагы баңги зат менен күрөшүүнү каалаган эмес, тескерисинче Борбордук Азияга жана Орусияга кеткен баңги зат трафиги толук канааттардырчу”.
Экинчиден, АКШ жана ЕБ Борбордук Азия мамлекеттеринин туруктуулугун ичинен бөлүп-жаруу жана евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди бузуу болгон аракетин калтырбай келет. Мисалы, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынан берилген “Каравансарай” интернет-ресурсу аркылуу Казакстан өзүнүн жаңы акча банкнотторуна орус тилинде жазууну жайгаштуруудан баш тарткандыгын кубануу менен басып чыкты. Ошол эле басылма КМШ өлкөлөрүнүн “Ысык-Көл – 2018” аскердик машыгууларына каршы долуланууга аракет кылган.
Акыркы убакта АКШ Борбордук Азияда ЕАЭБга, ШКУга, ЖККУга жана КМШга альтернативдүү бирикмелерди түзүү аракетинин фонунда гранд талашкандардын тобу активдешип кетти. Өткөн жылдын дкабырнда Казакстанда жана Тажикстанда жаңы беш жылдык Media CAMP программасы жарыяланган, ал Казакстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу алдында белгилүү журналисттик “Интерньюс” өкмөттүк эмес уюму тарабынан ишке ашырылат. 2018-жылдын 1-октябрынан 2023-жылдын 30-сентябррына чейин ишке ашырыла турган бюджттик программа 15 млн долларды түзөт.
Европалыктар 2018-жылдын апрелинде “Борбордук Азияда медиа сабаттуулукту, натыйжалуу чагылдырууну жана регионалдык кызматташтыкты жогорулатуу аркылуу туруктуулукка жана тынчтыкка көмөктөшүү” долбоорун ишке киргизишти. 18 айга эсептелген долбоор “жаңжалга туруксуз маалыматтарды” чагылдырууда, калктын радикалдашуусун алдын алууда жана анын медиа сабаттуулугун жогорулатууда ЖМКлардын ролун күчөтүүгө багытталган. Калыс угулганы менен, чынында долбоордун алкагында Батышка туура келген маалымат жайылтылат жана “орусиялык фейктер” менен күрөш жүргүзүлөт. Казакстанда республиканын президентинин ордунан Н.Назарбаев кеткенден кийин АКШнын элчилигинин штаттык санынын көбөйүшү кабартыр кылат.
Досторсуз азга, достор менен көпкө жетүүгө болот
Борбордук Азияда коопсуздукту бекемдөө комплекстүү жана ар тараптуу мамилени талап кылат. Терроризмдин жана баңги зат соодасынын, уюшкан кылмыштуулк жана эл улуттар аралык каршы пикирдин өсүүсү экономикнын, социалдык чөйрөнүн, билим берүүнүн, маданияттын жана технологиялык өнүгүүнүн көйгөйлөрү менен тыгыз байланыштуу. Ондогон жылдар бою топтолуп калган социалдык-экономикалык түйүндөрдү чечпей туруп терроризм менен кылмыштуулукту жеңүү мүмкүн эмес, ал эми ооган көйгөйүн негизинде айрым мамлекеттердин күчү менен чечүү туура эмес.
Бул контекстте евразиялык интеграция процесси өзгөчө мааниге ээ болот. Экономикалык планда кыйла маанилүү демилге болуп “Бир алкак – бир жол” кытай демилгеси саналат, ал 2015-жылы Евразиялык биримдиктин алкагындагы интеграция менен айкалыштырган. Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин доценти Е.Байдаров белгилегендей, 25 жылдын аралыгында Кытайдын Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон ар жылдык товар жүгүртүүсү 60 эсе – 500 млн доллардан 50 млрд долларга чейин өскөн. 2017-жылдын аягына карата Кытайдын Борбордук Азияга болгон жыйынды инвестициясы 100 млрд доллардан ашкан. 2030-жылга карата инвестициялык планы бир нече млрд долларга бааланып жатат.
Региондогу Орусиянын ролу андан кем эмес. Анткен менен инвестициялоонун көлөмүн кытайлардыкы менен салыштырып болбойт, Борбордук Азия республикаларынын транспорттук жана логистикалык инфра түзүмү Орусия Федерациясына багытталган. Мындан тышкары, Орусия Борбордук Азиянын эмгек ресурстарынын ашыгын аккумуляциялоо үчүн олуттуу маани берет. Орусиядан которулган акчалардын үлүшү Өзбекстандын ИДӨсүнүн 11,6%ын, Тажикстандын ИДӨсүнүн 48,8%ын жана Кыргызстандын ИДӨсүнүн 28,6%ын түзөт. Ошондой эле, Орусия Федерациясы региондун коопсуздугунун жалгыз кепилдиги болуп саналат. Аскердик жана террористтик коркунучтар менен күрөшүү механизмдери ШКУнун алкагында жаралып гана келет, ошол эле учурда ЖККУ өзүнүн мүчө өлкөлөрүнүн коопсуздугун коргоодо жана жаңжалдарды иш жүзүндө жөнгө салууда натыйжалуулугун далилдеди.
Жеке Борбордук Азия ичиндеги өсүп жаткан интеграция процесстери дагы регионалдык көйгөйлөрдү чечүүгө таасир эте алат, тактап айтканда суу пайдаланууда, чек ара жана өз ара сооданын өсүүсүндө, анткени азыркы учурда Борбордук Азия мамлекеттери өз ара эмес, сырткы өнөктөштөрү менен көп соода жүргүзөт. БУУнун маалыматы боюнча, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кооперациясы ресурстук дараметти кыйла натыйжалуу пайдалнуунун эсебинен болгону 10 жылдын аралыгында суммалык ИДӨнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Көп деңгээлдүү “интеграциянын ичиндеги интеграция” процесстери, эгер алар бири-бирине карама-каршы келбесе жана өнөктөгтөр алдында союздаштык милдеттемелерди бузууга алып келбесе, жалпысынан синергетикалык натыйжа бериши мүмкүн.