Сүрөттөн эмне көрдүңүз?

31 октября 2018 Сүрөттөн эмне көрдүңүз?

Ар бир адам өзүнчө башкача. Кыскача тест аркылуу өзүңүз тууралуу кызык, пайдалуу маалыматка ээ болуу мүмкүндүгүн сунуштайбыз. Сүрөттөн эмне көрүп турасыз?

Кара мышык

Сиз өзүңүздү болушунча жогору кармайсыз. Шашылыш чечим кабыл аласыз. Ийне-жибине чейин казууну жакшы жактырбайсыз. Бирок, бийикке кол созосуз. Сизге бир аз терең ойлоо менен этият болуу жетишпейт. Жоопкерчиликти сезип, салмактуу болууга аракет кылыңыз. Антпесе, көздөгөн жериңизге жетишиң күмөн.

Чычкан

Абдан этият, ойчул адамсыз, чечим кабыл алууда жети өлчөп, бир кесесиз. Сиздин бир гана кемчилигиңиз – өзүңүзгө эркиндик бербейсиз. Бирок, жашоо бир гана иштөө менен алдыга койгон милдетти аткаруудан куралбайт. Бир аз убакытты эс алууга да арнаңыз. Антпесе, убакыт күтпөйт, өмүр өтүп кетет.

Ак-кара сызыктар

Сиз үчүн жашоо ак менен карадан гана турат. Сиз өз кыялыңыздагы идеалдарга гана ишенесиз. Жумушта да баары толугу менен аткарылышын каалайсыз. Маселе мында, эч нерсе аягына чейин жасалбайт. Жашоодо ак менен карадан башка түстөр да бар экенине ишене албайсыз.