Чөнтөктө дайыма акча жүрсүн десеңиз...

31 октября 2018 Чөнтөктө дайыма акча жүрсүн десеңиз...

Күндөлүк жашоодо акча табуу менен аны жаратуу маселеси чоң көйгөй жаратат. Дайыма чөнтөгүбүздө акча болушу үчүн эмне кылышыбыз керек?

1. Ашыкча ак көңүл болбоңуз. Бүгүнкү коомдо сизди пайдаланып кете тургандар да табылат. Акчаны орду менен коротууну үйрөнүңүз.

2. Жумуш тандабаңыз. Эгер сиздин жашоо-турмушуңуз, күчүңүз жетип турса, ар бир жумушту жасай бериңиз.

3. Бош убактыңыз көп болуусунан сактаныңыз. Тескерисинче, аракеттенип иштеген абдан туура. Жаш кезиңизде күч-кубат, акыл-ой көп болот. Болушунча ошол нерселерди натыйжалуу колдонуп үйрөнүңүз.

4. Ай сайын айлык ала турган болсоңуз, акчаңыздын белгилүү бир өлчөмүн банктык карточкаңызда калтырып туруңуз.

5. Кымбат мейманкана, ашыкча сейилдөө, кымбат бренд кийимдерден оолак болуңуз. Анын үстүнө мындай нерселерге акчаңыз жетпесе, карыз алып, чыгым болбоңуз. Ар нерсенин убактысы болот.

6. Акчадан акча өндүрүү принцибине көңүл буруңуз.

7. Акчаңыз кайда жумшалып жатканы боюнча өзүңүзгө отчет бере ала тургандай болуңуз. Ал үчүн жазып-чийип койгонуңуз да ашыкча болбойт.

8. Өзүңүзгө натыйдалуу ары үнөмдүү жагын ойлонуңуз.

9. Жеңилдиктерди, атайын акысыз нерселерди пайдаланып калууга аракет кылыңыз.

10. Ар нерсенин өз эсеби барын унутпаңыз.