Бишкекте алданган үлүшчүлөрдүн көйгөйү талкууланат

31 октября 2018 Бишкекте алданган үлүшчүлөрдүн көйгөйү талкууланат

Бишкекте бүгүн, 31-октябрда турак жай алам деп алданып калган үлүшчүлөрдүн көйгөйү тууралуу талкуу болот.

"24.kg" агенттигиндеги жыйынга парламент депутаттары, Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги, Мамлекеттик каттоо, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы), Ички иштер, Юстиция министрлиги, Бишкек мэриясы, БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү жана үлүшчүлөр катышмакчы.

Талкууда үлүшчүлөрдүн укуктарын коргоо, алардын маселесин чечүү жолдору талкууланат.

Кыргызстанда акыркы жылдарда курулуш компанияларына акчасын алдын ала берип, бирок батир ала албай жүргөн жарандардын катары калыңдап баратат.

https://www.azattyk.org/a/29574233.html