Бишкекте видеосу интернетке тараган аракеч энени милиция издеп жатат

31 октября 2018 Бишкекте видеосу интернетке тараган аракеч энени милиция издеп жатат

Окуя 30-октябрь күнү Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

 Бишкектин Биринчи Май райондук өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясынын кызматкерлери мас болуп калган энени жана аны тургузууга аракет кылган кызды издеп жатат. Бул тууралуу шаар милициясынан билдиришти.

Буга чейин редакцияга WhatsApp каналы аркылуу окурман 4-5 жаштагы жүдөө кийинген наристе мас апасын тургуза албай жаткан видеону жөнөткөн. Окуя 30-октябрь күнү Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 

Милициядан билдиришкендей, Биринчи Май райондук өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясынын кызматкерлери жерине барып, эне-бала тууралуу тегерек-четте жашаган тургундарды сурамжылашты. Аларды издөө иштери бүгүн дагы улантылат.

 https://sputnik.kg/society/20181031/1041789323/bishkekte-mas-ayal-kyz-miliciya-izdoo.html