Дарыгер смартфонду кайсы жерлерге коюуга болбой турганын айтты

31 октября 2018 Дарыгер смартфонду кайсы жерлерге коюуга болбой турганын айтты

Уюлдук аппараттын нурдануусу рак оорусун чакырып, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.

Дарыгер Лилли Фридман Reader`s Digest басылмасына смартфонду кайсы жерлерге коюуга болбой турганын айтып бергенин "Известия" жазды.

Адистин айтымында, уюлдук аппаратты шымдын чөнтөгүнө салып жүрүү абдан зыян. Себеби телефондун нурдануусу рак оорусун чакырып, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.

Дарыгер ошондой эле аппаратты кубаттап жатканда жаздыктын астына койбоо керектигин эскертти. Себеби аппарат ысып өрт чыгып кетиши мүмкүн. Мындан сырткары, кечкисин смартфон адамга канчалык жакын болсо уйку бузулары айтылды.

Телефонду жуунуучу жайда жана күнгө калтырып коюу анын иштешин начарлатат.


https://sputnik.kg/world/20181031/1041788265/daryger-smartfon-zyyan.html