Акаев: Саламаттык министрлигине англисче билген кызматкерлер керек

31 октября 2018 Акаев: Саламаттык министрлигине англисче билген кызматкерлер керек

Саламаттыкты сактоо министрлиги Германиянын өнүктүрүүбанкы менен Бишкекте Перинаталдык борбор куруу тууралуу келишимдин аткарылышын кечеңдетип жатат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди.

- Жаңы министр Космосбек Чолпонбаев аябай кечиктирип жатат. Ратификация жок. Немис банкы даяр акча бергени жатат, бирок биздин министрлик алардын катына жооп берип койбогону үчүн миллиондогон гранттардан кол жууганы турабыз. Бул саяктуу менде бир нече документ бар. Министрге айтыш керек, англисче билген кызматкерлерди алып, ратификацияларды эртелетип, жок дегенде бекер акчаны убагында өздөштүрүш керек.

Бишкекте Перинаталдык борбор куруу тууралуу келишимге Кыргызстан жана немис банкы 2017-жылдын июль айында кол коюшкан.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев депутаттын суроосуна байланыштуу маалымат берип жатып жаңы мекеме Эне-баланы коргоо борборунун аймагында курулуп жатканын, имарат салынып бүткөнүн, эми аны тиешелүү комиссия кабыл алгандан кийин жабдыктарга тендер жарыяланарын, талап ошондой экенин билдирди. Анын айтымында, долбоордун жалпы баасы 8 млн 490 миң евро. 

https://www.azattyk.org/a/29574339.html