Кыргызстандын тышкы саясатынын жаңы концепциясында ЕАЭБге өзгөчө басым жасалды

11 апреля 2019 Кыргызстандын тышкы саясатынын жаңы концепциясында ЕАЭБге өзгөчө басым жасалды

Марттын ортосунда жаңы концепция кабыл алынды, анда Кыргызстандын жетекчилиги өлкөнүн сырткы саясатындагы өзүнүн көз карашын белгиледи. Документте коңшу мамлекеттер жана интеграциялык бирикмелер менен, анын ичинде ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ менен болгон байланыштарын бекемдөөгө басым жасалды. Өлкөнүн негизги сырткы саясий өнөктөштөрүнүн бири болуп Орусия саналат: 28-мартта Кыргызстанга Владимир Путин келип, аскердик, экономикалык жана укук коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча көп сандаган документтерге кол коюлду. “Пикир” Серепчилердин регионалдык клубунун тең төргасы Игорь Шестоковдун Кыргызстандын жаңы тышкы саясий багытынын өзгөчөлүгүн түшүндүргөн көз карашын жарыялайбыз.

- Игорь Альбертович, 12-мартта Сооронбай Жээнбеков республиканын тышкы концепциясын бекитти. Аталган документ буга чейинки 12 жылдан бери иштеп келген концепцияны алмаштырып калды. Жаңы концепцияны кабыл алуу эмне менен байланыштуу жана эмнеге ал азыр ишке ашты?

- Эски концепцияны кабыл алган учурдан тартып жөн эле жылдар өтпөй, Кыргызстандын өзүнүн геосаясий күн тартибинде дагы көз нерсе өзгөрдү. Өлкө парламенттик системаны курууга багыт алды, ал аталган документте көркөтүлгөн, бирок ошол эле учурда ал президентке мамлекеттин сырткы саясий багытын куруу ыйгарым укугун берген.

Концепция Жээнбеков үчүн анын сырткы саясаттагы президенттик багытында жол картасы болуп калат деп ойлойм.

Бир жагынан, ал көп багыттуу кызматташтыкка багытталат, анын артыкчылыгы болуп Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, ЕБ өлкөлөрү сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр болуп калат. Экинчи жагынан, концепцияда Евразиялык экономикалык биримдик менен өз ара аракеттешүү пайда болду, ал улттук экономиканы модернизациялоодо жана өнүктүрүүдө ариентир болуп кызмат кылат.

Концепцияда маанилүү аспект болуп мамлекеттик приоритеттердин катарында маданий, этникалык жана тилдик өзгөчөлүгүн сактоо үчүн чет өлкөдөгү мекендештерди ар тараптуу колдоо жана алардын тарыхый мекени менен байланыштыруу, диаспораларды бириктирүү пайда болду. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын Орусиядагы диаспорасы 800 миңден ашык кишини түзөт. Алардын көпчүлүгү туруктуу негизде Кыргызстандагы өздөрүнүн туугандарына жана жакындарына социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүп келет.

Которуулардын саны жыл сайын 2 млрд доллардан ашат, мүмкүнчүлүгүнө жараша диаспоралардын өкүлдөрү өздөрүнүн кичи мекендеринде социалдык объектилерди курушат. Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден кийин мамлекеттик органдардын алдына чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктарды инвестор катары тартуу тапшырмасын койгон.

- 2019-жылдын апрелинде Жээнбеков президент болгонго 500 күн болот. Ал Кыргызстандын сырткы саясатын кандай өзгөртө алды жана негизги регионалдык оюнчулар менен интеграциялык бирикмелердин мамилелеринде эмнелер өзгөрдү?

- Азыркы президент өзүнүн шайлоо алындагы программасында Орусия, кытай, регондогу коңшулар жана ЕАЭБ, ШКУ жана ЖККУ сыяктуу уюмдар менен кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурган.

Анткени, концепциянын өзү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын кеңейтүүнү, баарынан мурда Борбордук Азияда регионалдык жана мамлекеттер аралык өз ара байланышты чагылдырат, алар кооасуздукту камсыз кылууга жана соода-экономиалык байланыштардын өсүүсүнө таасир этет.

Президент жакында өткөн Кыргызстандын элчилери менен болгон жолугушууда региондогу коңшу өлкөлөр менен кызматташтык бекемделгенин жөн жероинен белгилебеди да. Тактап айтканда, мамлекет башчысы Казакстан менен суу пайдалануу, ветеринария жана фитосанитардык контроль чөйрөсүндөгү конструктивдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Сырткы саясаттын өзгөсүүсү боюнча белгилей кетчү нерсе, Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен мамилелерди турукташтыра алды. Ушуга байланыштуу эске салсак, 2017-жылдын күзүндө Кыргызстандагы президенттик шайлоо алдында Бишкек менен Астананын сырткы саясий мамилелери татаалдашып, жүк ташууларды чектөөгө алып келген эле. Ошондо кыска мөөнөттүн ишинде президент кырдаалды турукташтыра алган, андан кийин чек ара кадимки режимде иштей баштаган. Анткен менен, Казакстанга жүк ташуу көйгөйү дагы деле уланып келет.

Кызматташтыктын стратегиялык багыты болуп Өзбекстан кала берет. Чек аралык жана бажы режимдерин жеңилдетүү товар жүгүртүүнүн жакшы жагына өсүүсүнө алып келди.

Кыргыз-орус кызматташтыгы стратегиялык багытта, эч кандай кыйшаюусуз өнүгүүнү улантып жатат.

- 2019-жылдын фералында Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 31,5%га кыскарганын билдирди, ал эми Кытайдын элчиси Сяо Цинхуа ушундай эле инвестициялардын 45,8%га төмөндөөсү жөнүндө билдирди. Бул тенденциялар эмне менен байланыштуу жана Бишкек кырдаалды кантип өзгөртүүнү пландап жатат:

- Инвестициялардын кыскаруусу – бул ыргызстандын экономмикасындагы терс кырдаал, өзгөчө коңшу Өзбекстандагы инвестициялык өсүү фонунда. Баарынан мурун, аталган багытта өкмөт кыйла максатка ылайыктуу иштеши керек, бирок акыркы жылдары министрлер кабинетинде республикада чынында башаламандык жүрүп жатат.

Премьерлерди алмаштыруу жыл сайын жүрүп турат, жада калса жылына эки жолу. Инвестор келип министрлер менен сүйлөшүп кетет, ал эми кийинки күнү алар кызматтан бошоп кетишет. Мындай туруксуз кырдаалда ким иштейт жана экономикалык долбоорлоорго ким каражат салат?

Өкмөттү алмаштырууга байланышкан парламенттик оюндар министрер кабинетинин туруктуу иштөөсүнө таасир этет. Муну профилдик ведомстволордун жетекчилери өздөрү жана парламентарийлер мойнуна алышат.

Дагы бир көйгөй аталган багытта чинокниктердин натыйжасыз иштөөсүндө болуп саналат. Алардын кесипкөйлүк деңгээлинин жыйынтыгынын инвесторлордун чечими көз кранды. Жакында республиканын дипломатиялык корпусу менен болгон жолугушууда президент дипломатиялык ведомстволордун башчыларын катуу сындады, анын ичинде инвестиция тартуу маселелеринде начар иш алып багандыгын да сынга алды. Жергиликтүү деңгээлде райондук бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошкондо, көбүнчө алык эле оюуна келгенди кыла берет, аны менен катар чет элдик ишкерлерге карата согуш ачып жибергендери дагы бар.

Албетте, олутуу көйгөй болуп ошол эле коррпуция кала берет. Азырынча бул маселеде түп тамыранан жок кылууга болбойт, ишкерлер тынч иштей алышай калат, глобалдуу жакыш жакка жылыштарды күтүү кыйын.

Бирок, президент коррупция менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат, мындан улам кырдаал инвесторлорго муктаж болгон тоо-кен тармагында жакшы жакка өзгөрүшү мүмкүн.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө чет элдик инвесторлор менен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу мисалдары абдан аз.

- Эмнеге концепцияла Улуу жибек жолу жөнүндө айтылган? Бул Пекин тарапка карата Бишкекте өткөн кытайга каршы митингдерден кийинки кырдаалды жөнгө салуу боюнча реверанспы?

- Кытай акыркы жылдары улуттук экономиканын негизги кредитору болуп калды. Баарынан мурда, сөз транспорттук магистралдар жана энергетика тармагы менен байланышкан инфра түзүмдүк долбоорлорго каражаттарды салуу жөнүндө болуп жатат. Кредиттик негизде экономикага тартылган каражаттардын жалпы суммасы болжол менен 1,7 млрд долларды түзөт. Мындан тышкары, кытай бизнеси тоо-кен казуу долбоорлорунда жана экономиканын башка чөйрөлөрүндө активдүү орун алып келет. Кыргызстан “Бир алкак – бир жол” долбоорунун чөйрөсүнө кирет. Бул биздин республиканын жетекчилигинин сырткы экономикалык тапшырмаларындагы артыкчылыктардын бири, аны концепцияда атоо да ошого байланыштуу.

Бишкек ЖЭБин кытайдын ТЕВА компаниясы тарабынан 386 млн долларга модернизациялоого колдонулган кредитке байланыштуу кырдаал эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң эсте кала турган коррупцияга каршы тергөө болуп калды. Кылмыш иштери экс-премьерге, Бишкектин экс-мэрине, энергетиканын экс-министрине дагы бир катар жогору турган энергетика тармагындагы чиновниктерге, парламенттин депутаттарын кошо козголгон. Алардын көпчүлүгү камакта. Кытай алдындагы кырыздык милдеттер жана ошол каражаттарды пайдалануу темасы өткөн жылдын медиа-тренддеринин бирине айланды.

Кыргызстандын коомчулугунда мыедан ары дагы мыйзам ченемдүү маселелер пайда боло берет, Пекинден “Бир алкак – бир жол” кызматташтыгынын форматында алынган кредиттик же гранттык каражаттар канчалык деңгээлде өз багыты боюнча пайдаланыларына карата суроолор пайда боло берет.

Ошондуктан, Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрү Кытай менен финансылык өз ара аракеттердин ачыктыгын максималдуу камсыз кылуусу зарыл. Болбосо бул кытайга каршы митингдер үчүн кезектеги себеп болуп калышы мүмкүн.

Ошол эле учурда Жээнбеков ЖЭБдин айланасындагы кырдаал Кытай менен болгон кызматташтыкка тиешеси жок, бир гана ичик саясий мүнөзгө ээ экендигин түшүндүрдү. Президенттин позициясы маанилүү ролду ойноду, анткени бүгүнкү күндө Пекин менен болгон биздин мамиле жалпысынан жакшы.

- ЕАЭБдин иштөө механизмдеринин кайсынысын жакшыртууга Кыргызстан кызыктар?

- Негизги соода-экономикалык өнөктөштөр болуп Орусия менен Казакстан кала берерин эске алганда, Республиканын ЕАЭБге мүчө болуусу объективдүү чындык болгондугун айта кетүү зарыл.

Бүгүнкү күндө улуттук экономика үчүн Евразиялык биримдик өнөр жай өндүрүшүн жолго салуу жана болгон дараметтин колдонуу үчүн курал болуп саналат.

Кыргызстан идеалдуу болбосо да, евразиялык рынокко айыл чарба продукцияларын экспортоону ишке киргизе алды. Ошондой эле тигүүчүлөр атаандаштык продукциялары менен орусиялык рынокко чыга алды. Мен жеке өзүм Москвада биздин тигүү проукциялары жакшы сатылып жатканына күбө болдум.

Мурунку президент жана мамлекеттин азыркы башчысы республиканын биримдикке мүчө өлкөлөр менен болгон кызматташуусуна артыкчылыктуу маани берип келишкен.

ЕАЭБдин механизмдерин жакшыртууга байланыштуу Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБдин мейкиндигинде төрт эркиндикти: товарлардын, капиталдын, кызматтардын жана жумушчу күчүнүн эркин жылып жүрүүсүн кыйла активдүү ишке ашыруу үчүн аракет жатат. Мындан тышкары, мамлекет башчысы ушул жылы ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн бирдиктүү экономикалык саясат ишке аша турган сектор менен тармактардын санын өстүрүү боюнча иш жүргүзүү, биргелешкен ишканалардын түзүү менен айыл чарба секторундагы кооперацияларды күчөтүү зарыл деп эсептейт.

Анын үстүнү ушул пландары ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар, Евразиялык экономикалык комиссия жана бизнестин ортосунда тыгыз байланыш керек. Ошондой эле, биргелешкен инфра түзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу механизмин түзүү зарыл. Ошол эле усурда, кыргыз тараптын пикири боюнча, бул маселелерде ЕЭКтин компетенциясын кеңейтүү керек.

- 2019-жылы Кыргызстан ЖККУга жана ШКУга төрагалык кылып жатат. Сырткы саясаттын концепциясынын жаңы редакциясында дүйнөдөгү чыңалуунун өсүүсү, эл аралык терроризм жана экстермизмдин масштабы кеңейүүсү жана башкалар белгиленгендигин эске алгында, аталган ролдо Бишкектин негизги тапшырмасы кандай?

- Кыргызстандын ЖККУга төрагалык кылуусу Баткен окуяларынын 20 жылдыгына туш болуп калгандыгы символикалуу. Анда эл аралык террористтердин бандалык түзүмдөрү республиканын түштүгүнө кирип келген. Дал Кыргызстан реалдуу террористтик коркунучтарды жон териси менен сезген региондогу биринчи өлкө болуп калды.

Бул жаш республиканын Куралдуу күчтөрү үчүн эле сыноо болбостон, ЖККУ үчүн регионалдык коопсуздукту камсыз кылууга экзамен болуп калды. Кыргызстандын аскерлери жана Орусия, Казакстан, армения, Тажикстандын жүзүндөгү ЖККУгу өлкөлөрү бул сыноолорду чыдамкайлык менен баштан кечирип, Фергана өрөөнүндөгү кырдаалды согушкерлердин туруксуздаштыруусуна жол берген жок.

Кыргызстандын бийлиги республика өзүнүн төрагалык кылган жылы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртууга, ЖККУнун аскердик дараметин өнүктүрүүгө, анын ичинде тиешелүү материалдык-техникалык жана мыйзамдык базасын иштеп чыгуу аркылуу өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирет. Ошондой эле, Жээнбековдун пикири боюнча, аскердик багыттагы продукцияларды өз ара жеткирүүнү камсыз кылуу кызыкчылыгында уюмга коргонуучу ишканаларды жана уюмдарды андан ары кооперациялоо үчүн укуктук негиз керек.

Акыркы жылдардын тенденциясы төмөндөгүдөй, Кыргызстанга жана регионалдык коопсуздукка Ооганстандагы кырдаалдын курчушу жана Сириядагы саясий каатчылык, ошондой эле Ислам мамлекетинин ишмердиги таасир этет.

Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн баасы боюнча, Ислам мамлекетинин жетекчилери өздөрүнүн жакынкы максаттары тууралуу ачык билдиришет – бул Борборук Азия өлкөлөрүнө жана Кытайдын СУАР аймагына кол салуу. Алар тарабынан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек арасындагы начар участоктор жөнүндө маалымат чогултулат. Мындан тышкары, террорчулардын идеологдору региондун саясий жана маданий реалийлерине өздөрүнүн аракеттеринин моделдерин жатыктырат. Топ, баңги зат трафигин колго түшүрүү жана контролдоо, жаштарды азгыруу, келечектеги террористтерди даярдоо лагерлеринин иштеши жана согушкерлердин транзитин уюштуруу боюнча тапшырмаларды чечүү менен менен катар Ооганстанда өзүнө орун-очок алып жатат.

Мындан тышкары, ресррористтик жана экстремисттик топтордун көңүл чордонуна ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгек миграциясы туш болду. Аны бүлүндүргүч күчтөр, баарынан мурда, Ислам мамлекетинин азгыруучулары, өздөрүнүн максаттары үчүн кайра түзүүгө активдүү аракет кылып жатышат.

Ушул процесстердин экономикалык мүнөзүн колдонуу менен алар эмгектенип жүргөндөрдү экстремисттик жана террористтик топторго тартууга аракет кылып келет, аталган биримдиктин негизги элементи болуп эмгек миграциясы саналгандыгын эске алганда, келечекте ушул ресурстарды ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн колдонууну максат кылышат.

Ушуга байланыштуу, Кыргызстандын расмий жана серепчилик түзүмдөрү тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Бишкектеги терроризмге каршы форун өткөрүү демилгеленген, анда уюмдун катышуучулары коопсуздуктун кыйла актуалдуу маселелерин жана камсыз кылуу жолдорун талкуулашат.

Евразия. Эксперт