Түркмөнстандын газ бактысынын “көбүгү”

9 апреля 2019 Түркмөнстандын газ бактысынын “көбүгү”

Дүйнөдө жаратылыш газынын запасы боюнча төртүнчү орунду ээлеген Түркмөнстан (Орусия, Иран жана Катардан кийин) эгемендикке ээ болгондон кийин аны өнүгүүнүн булагы айлантуу мүмкүнчүлүгүнө чоң үмүт арткан эле. Бирок, Советтер Союзу кулагындан кийин ал узак убакыт бою өндүрүштүн мурунку көлөмүн калыбына келтире албай убара болду. Газ өндүрүүнү өнүктүрүүгө түрткү 2006-жылы Галкыныш (“Кайра жаралуу”) эбегейсиз чоң кен запасы ачылгандан кийин пайда болду. Бирок, өлкө көмүр суутектүү затты экспортоону бөлүштүрүү үчүн маршрутту ишке ашыра алган жок.

Өлкөнүн экономикасынын алдыңкы тармагы болуп көмүр суутек өндүрүү эсептелгендиктен (бюджеттик кирешелердин 85%ын газ түзөт), ага болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөшү экономиканын өсүү темпин төмөндөтүүгө алып келди. ИДӨнүн өсүүсүнүн расмий декларацияланган көрсөткүчү 10,3%дан (2014-жыл) 6,2%га (2018-жыл) түшүп кеткен. Бул коңку борбор азиялык республикалардын көп экендигине карабай, өнүгүү жөнүндө сөз кылууга болбойт: өлкөнүн экономикасы терең каатчылыкта турат. Улуттук валюта – манат дээрлик төрттөн бирге чейин девольвацияланган, анын үстүнө кара рынокто анын төмөндөөсү уланууда. Өлкөдө накталай акча каражатын берүүгө ченем киргизилген, дүкөндөрдө азык-түлүктөргө кезекке туруу жана таңкыстык жөнүндө кабарланууда. “Түркмөнстан хроникасы” басылмасынын маалыматы боюнча, нанга таңкыстык күч алган. Өлкөдө жумушсуздук күчө, бюджет мамлекеттик компаниялардын эсебинен агана толукталып жатат.

Бюджеттик акчаларды обу жок чоң долбоорлорго коротуу менен бийлик социалдык жеңилдиктердик жокко чыгарды. Мисалы, буга чейин суу, газ жана электр энергиясы жарандар үчүн дээрлик бекер болчу. Өкмөттүк эмес булактардын маалыматы боюнча, 2018-жыл өлкөнүн экономикасы үчүн советтик мезгилден кийинки эң татаал жал болгон. Бирок, гайкаларды бекемдөөдөн башка, каатчылыкты жеңүү үчүн эч кандай чара кабыл алынган жок. Бийлик азырынча калктын массалык нараазылыгын баштан кечире эле, толкундоолор болушу мүмкүн.

Түзүлгөн кырдаалдын себептери бир нече. Биринчиден, түркмөндөр ирин жана орусялык газ өндүрүүчүлөр менен урушуп кеткен. “Газпром” эч кандай маселе жок эле түркмөн газынан баш тартты. Иранга бир аз татаалыраак болду. Экинчиден, Ашхабад көптү үмүттөндүргөн Пекин менен “улуу газ достугуна” басым жасады. Кытай Түркмөнстанга нефтини кайра иштетүүчү заводдор, тарнспорттук инфра түзүмдөр үчүн миллиарддаган доллар кредит бөлүп берген. Подукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюу менен, түркмөнстандын газ чыккан жерлерин иштетүүгө ал дагы дээрлик 20 млрд доллар салым салган. Жыйынтыгында бул каражаттардын негизги суммасы Кытайга кытай компанияларына төлөм катары кайтып келген, ал эми Түркмөнстан карызга ээ болуп, эми газ жеткирүү менен карыздан кутулууда. Өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов тарабынан айтылган “бакыт жана кудурет доорунун” ордуна Түркмөнстан акырчылыкка туш болду.

Мунун башаты 2009-жылы башталган, анда Москва менен Ашхабаддын “газ” мамилелери өтө начарлап, түркмөн газынын негизги импорторунун ордун Кытай ээлеп калган. 2009-жылдын декабрында жылына 40 млрд метр куб агз өткөрүүгө жөндөмдүү Кытай – Борбордук Азия трансконтиненталдык газ түтүгүнүн биричи учугу колдонууга берилген. Кийинки жылы жеткирүүлөр башталган. Ошол эле учурда Кытай газдын салып алынуучу баасыр аябай төмөндөүп салган, бирок Ашхабаддын ал учурда соодалашууга чамасы жок эле.

Пекин менен кызматташууга чыгуу менен Ашхабад газ өндүрүү жана экспорттоо боюнча өтө эле амбициялуу пландарын айтып чыккан (2030-жылга карата 250 млрд метр кубга чейин жана жылына 180 млрд метр кубга чейин) жана өлкөнү газ долларына көмүп салууга сөз берген. Азыркы учурда түркмөн газынын 90% Кытайга жеткирилип жатканына карабай, расмий маалыматтарга караганда, бул көлөмдөр 2017-жылы арың 30 млдр метр кубдан ашкан. Эгер Түркмөнстан Москва менен болгон ажңжалга чейин жаратылыш газын экспорттоп сатуудан жылына 16,5-17 млрд доллар алып турса, 2017-жылы бул сумма 8,5 млдрга чейин кыскарып кеткен. Бул дагы түшүнүктүү: газдын 1 миң метр кубун экспорттоо үчүн түркмөн бийлиги Пекинден 60 доллардын тегерегинде “таза” киреше алат.

Түркмөнстанда жаратылыш газын өндүрүү динамикасы, млрд. м куб.

2008

2009

2010

2011

2012

2013

2014

2015

2016

2017

66,1

36,4

44,0

62,3

65,1

65,2

70,2

72,8

66,8

62,0

 Булак: BP Statistical Review of World Energy 2018.

Түркмөнстандын бийлиги газдын “түгөнбөй турган” запасы жөнүндө билдирүүнү улантууда. Мисалы, 2017-жылдын май айынын аягында эл алалык газ конгрессинде “Түркмөнгаз” концернинин башчысы Мырат Арчаев өлкөдө жаратылыш газынын запасы 50 трлн метр куб газды түзөрүн айтып, бул көрсөткүч боюнча өлкөнү дүйнөдө биринчи орунга алып чыккан. Экперттик баалар түркмөндөрдүкүнөн кыйла алыс. Маалыматтарга ылайык, мисалы транс улуттук British Petroleum нефтегаз компаниясынын мисалында, 2016-жылы Түркмөнсатндын өндүрүлгөн газ запастары 17,5 трлн метр кубду түзгөн. ОПЕК мындан да төмөн цифраларды мисал келтирип, далилденген газдын запасын 9,87 трлн деп баалайт.

Запастарды баалоодогу мындай ири өлкөнүн нефтегаз тармагынын инвестициялык жагымдуулугуна караганда, айырмачылык түркмөн статистикасына ишенбөөчүлүктү пайда кылат. Анткени, географиялык жана саясий тоскоолдуктардын тышкары, жаңы экспорттук маршруттар боюнча өнөктөштөр газдын жетишсиздиги көйгөйүнө туш болушу мүмкүн.

Түркмөнстан жылына 33 млрд метр куб кубаттуулугу менен TAPI (Түркмөнстан – Оогантан – Пакистан – Индия) газ түтүгүнө ишенип жатат. Бирок, бул жерде олуттуу көйгөйлөр бар. Бул өтө эле чийки долбоор. Аны кыржылоо модели ушул күнгө чейин аныкталган эмес, Ооганстандагы туруксуз абалдан улам коопсуздук маселе жаратып келет. Мунун баары өткөрмө түтүктү ишке киргизүү датасын жылдырууга аргасыз кылат. Өткөн жылдын февралында Ооганстандын өкмөтү TAPI 2020-жылы газ жеткирүүнү баштайт деп билдирген.

Бирок, аналитиктердин пикири боюнча, газ өткөргүстөрүн жакшы болгон учурда 2024-жылдан, же болбосо 2026-жылдан эрте куруу мүмкүн эмес. Инвестиция менен байланышкан кыйынчылыктардан башка, жеткирилүүчү газдын көлөмү менен дагы тактык жок. Салттуу ресурстук база кыскрып жаткандыктан, “Түркмөнгаз” маанилүү инвестицияларды талап кылган өндүрүүгө кыйын болгон запастарды иштетүүгө өтүүгө аргасыз болуп жатат.

Транскаспий газ өткөргүчүн куруу келечеги да үмүт жаратпайт. Ал Каспий деңизи жана Закавказье аркылуу Евро биримдикдин өлкөлөрүнө түркмөн жылуулук алып жүрүүчүлөрүнүн транзитин караган долбоор. Орусия менен Иран Каспийде суу алдында өткөрмө түтүктөрүн ишке ашырууга каршы чыгууда, бул Ашхабадды Түштүк газ коридору долбооруна масштабдык кошулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Жакынкы он жылдыкка газ экспортуна байланыштуу кандайдыр бир долбоолорун ишке ашыруу пландалган эмес.

Бир катар экономикалык жана геосаясий себептерден улам Түкмөнстан газ колдонуучу катары Иранды колдон чыгарган, ал жаака газ жеткирүү 2017-жылдын январында токтотулган. Түркмөн газынын ордун толтуруу көгөйүн чечүү менен Иран өлкөнүн түндүк райондоруна жылына 14,6 млрд метр куб кубаттуулугуна ээ жаңы газ түтүктөрүн орнотту. Жыйынтыгында жалпы түркмөн экспорту 38,1ден 27,3 млрд метр кубга төмөндөгөн.

Муну менен, Түркмөнстанда баары болуп өткөрмө түтүктөрү аркылуу Кытайга кетип жаткан 35 млрд метр куб газ бар. Орусиялык “газ” көз карандылыгынан бошонуу менен Ашхабад жыйынтыгында Пекинден кыйла катаалына ээ болду. Ал келечекте өсүп гана отурат.

Экспорттук маршруттарды бөлүштүрүү жана бюджетке кошумча каржы булактарын издөө зарылдыгы өткөн жылдын аягындагы жарытылыш газын Орусияга жеткирүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн жандануусун түшүндүрөт. Сатып алуунун баасы жана көлөмү азырынча айтылган жок. Орусиялык серепчилер түркмөн газын жылына сатып алуулардын көлөмү алгач 3 млрд метр кубду түзүшү мүмкүн экендиги жөнүндө айтып жатышат.

“Газпром” тарабынан импортту жандандыруу бүгүнкү күндө эки тараптын тең купулуна толууда. Албетте, негизи көйгөй бааны аныктоо болот. “Сибирь күчүн” ишке киргизгенди эске алуу менен, Түркмөнстан кытай рыногундагы өзүнүн эксклюзивдик ордун жоготууда, орусиялыктар кытайларга караганда кымбат төлөшү мүмкүн эмес.

Баа консенсусун табуу газ кызматтташтыгы үчүн перспективаларды ачат. Тактап айтканда, Түркмөнстан “Газпромду” Галкыныш кениндеги күкүрт кислотасы жогору болгон газ запастарын эксплуатациялоого тарта алат. “Газпром” үчүн мындай абал өтө пайдалуу. Биринчиден, “түркмөн газын сатып алуу жөнүндө чечим чыгаруу менен Путин жөн гана Транскаспий өткөрмө түтүгүнүн курулушу боюнча ниетти жокко чыгарып, Каспийде үчүнчү өлкөлөрдөн жана региондордон оюнчулардын пайда болуусуна тоскоол болот” деп болжолдошот серепчилер.

Экинчиден, эгер мурунку түркмөн газа Орусиянын түштүгүн кесип өтүп Украинага жеткирилсе (“жакшы учурларда” орусиялык монополист жылына 30 млрд метр куб газдын тегерегинде импорттоп турган), азыр контрактацияланган көлөмдөр “Түрк агымын” толтурууга кетет. Бул траспорттук чыгымдарды эле кыскартып эле тим болбой, Ямал жана Батыш Сибирде өндүрүлгөн газды “Түндүк агым - 2” жана “Балтика суюлтулган жаратылыш газы” долбоорлоруна багыттоого мүмкүндүк берет.

РИТМ ЕВРАЗИИ