УКМК: Сирияга 100 миң доллар жөнөткөн кыргыз жараны кармалды

31 октября 2018 УКМК: Сирияга 100 миң доллар жөнөткөн кыргыз жараны кармалды

Сириядагы согушкерлерге каржылык колдоо көрсөтүп жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 14-октябрда контртеррористтик иш-чаралардын алкагында 28 жаштагы жергиликтүү тургун колго түшүрүлгөн. Ал башка бирөөнүн паспорту менен жүргөнү, Сириядагы согушкерлерге жардам иретинде 100 миң доллар жөнөткөнү аныкталды. Террордук уюмдарды каржылоо, кастыкты козутуу, жасалма документ колдонууга байланыштуу беренелердин негизинде кылмыш иши козголду.

Шектүү адам УКМКнын тергөө абагына отургузулду.

https://www.azattyk.org/a/29574343.html