Азия Өнүктүрүү Банкы Түркмөнстанда инфляция өсөрүн божомолдоодо

8 апреля 2019 Азия Өнүктүрүү Банкы Түркмөнстанда инфляция өсөрүн божомолдоодо

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) быйыл Түркмөнстанда инфляция деңгээли 9% чейин жетерин божомолдоду. Ал эми ички дүң өнүм 6% өсүшү мүмкүн.

Банк Түркмөнстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен келечектерине баа берген. Баяндамада түркмөн өкмөтү социалдык жеңилдиктер боюнча реформа жүргүзүшү зарыл экени айтылат.

Документте Түркмөнстандагы курулуш жана кызмат көрсөтүү секторлорундагы өсүү 7,9% төмөндөгөнү, айыл чарба сектору, маселен буудай жана пахтанын түшүмү 2018-жылы 4,8 пайызга гана көбөйгөнү белгиленген.

2018-жылы январда пенсия, айлык акы, стипендия 10% жогорулаганы менен инфляция өсүп, доллардын расмий жана көмүскө базардагы курсунун ортосунда чоң ажырым пайда болгон.

Түркмөнстанда экономикалык каатчылык уланууда. Азык-түлүк тартыштыгы жоюла элек.

Баяндамада өкмөт мамлекеттик чыгашаларын азайтканы белгиленет. Ошол эле маалда Түркмөнстан кымбат баалуу мейманканаларды курууну улантууда.