Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши 5-апрелде үч фатва (чечим) чыгарды.
Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, №5 фатва менен шариаттын эрежелерине карама-каршы келгендигинен улам тармактык маркетингге тыюу салынды.
Ал эми №6 фатва менен ден соолукка байланышы жок пластикалык операцияларды жасоого да тыюу салынды.
«Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган пластикалык операцияга шариатта жол берилет. Ал эми эч кандай жүйөлүү себеби жок туруп, сулуулук үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариатта тыюу салынган жана арам деп эсептелет», деп жазылат фатвада.
Аалымдар кеңеши №8 фатва менен муфтият «эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу себептүү эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактады».