“Орус тили Тажикстанда мурункудай эле абдан маанилүү орунду ээлейт. Аны көптөгөн профессионалдык чөйрөлөрдө пайдаланышат, бирок тилди колдонуу чөйрөсү төмөндөп барат, өзгөчө Борбордук Азиянын башка мамлекеттери менен салыштырганда”, - деп белгилейт саясат таануучу Муслимбек Буриев CABAR.asia аналитикалык платформасы үчүн атайын жазылган макаласында.
Макаланын кыскача баяндалышы:
- СССР учурунда орус тилин билүү карьера үчүн маанилүү артыкчылык эле жана дүйнөлүк маданиятка кошулууга мүмкүнчүлүк берчү;
- Бүгүнкү күндө орус тили Тажикстанда улуттар аралык пикир алышуунун тили болуп саналат;
- Билим берүү чөйрөсүндө орус тили бекем статуска ээ, орус тилин үйрөнүү үчүн сааттар милдеттүү негизде бөлүнөт;
- Орус тилин окутуу бир эле милдеттүү сабак катары эмес, Орусияга иштөөгө кетүүнү пландап жаткандар үчүн комшумча окуунун алкагында дагы жүргүзүлөт;
- Орус тили орусиялык басымды сактоого багытталган жеңил күчтөрдүн манадий-билим берүүчү куралы болуп калды;
- Орус тилинин расмий статусуна карата жакшы баанын жетиштүү экендигине карабай, Тажикстанда аны кыйла натыйжалуу үйрөнүү үчүн тилдик чөйрө планында таңкыстык бар.
Тилдин абалын толук көлөмдө баалоо үчүн адатта күнүмдүк жашоосунда аны активдүү пайдаланган адамдардын саны жана орус тилдүү билим берген мектептердин санын талдап чыгышат. Бирок, кырдаалды толук элестетүү үчүн мамлекеттин ички саясаты жөнүндө, Орусия менен болгон сырткы өз ара байланыш тууралуу жана анын өлкө ичиндеги тил мамилесине кандайча таасир тийгизип жатканын эстен чыгарбоо керек. Аталган макалада авто Тажикстандагы орус тилинин өнүгүүсүнүн негизги тенденциясын баалоого, проблематикасын аныктоого жана мүмкүн болгон чечимдерди талкуулоого аракет кылат.
Улуттар аралык пикир алышуунун тили
СССР учурунда орус тилин билүү карьера үчүн маанилүү артыкчылык эле жана дүйнөлүк маданиятка кошулууга мүмкүнчүлүк берчү. Орус тили Тажикстан менен калган дүйнөнү байланыштырган ортомчу катары кызмат кылчу, анткени Советтер Союзунун бардык аймагында адабият жана чет элдик авторлордун илимий иштери орус тилинде гана басылып чыгып турган.
Бүгүнкү күндө орус тили Тажикстанда улуттар аралык пикир алышуунун тили болуп саналат. Бул статус өлкөнүн Конституциясы тарабынан бекитилген. Бул Тажикстанда орус тили колдонулат, эч кандай чектелбейт жана аны билген ар бир адам өзүнүн жашоо-турмушунун бардык аспектилеринде тоскоолдуксуз пайдалана алат дегенди билдирет.
Антсе дагы, советтик мезгил менен салыштырмалуу өлкөдө орус тили өз позициясын жоготкон. Бул Советтер Союузу кулагандан кийин орус тилдүү калктын артка карай агылуусу жана анын артынан башталып кеткен жарандык согуш, ошондой эле жалпысынан улуттук курулуш саясаты менен байланыштуу. Тил маселесине карата жаңы мамилени түзүү 1989-жылы башталган, ошондой Тажик Советтик Социалисттик республикасынын “Тил жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган. Документ чиновниктерди жана мамлекеттик кызматкерлерди иш кагаздарын жүргүзүүдө жана документтерде жалпысынан бир гана тажик тилин колдонуугу милдеттендирген.
Бул процесс улуттук курулуштун башталышын билдирген, ага айкындуулук мезгилинде интеллигенцияны, дин өкүлдөрүн жана жаштарды кошкон улуутк-демократиялык күчтүн активдүүлүгү таасир эткен. Бирок, орус тилинен эч ким баш тартууну каалаган эместигин ага улуттар аралык пикир алышуунун тили статусун берген өкмөт түшүнгөн. Иш жүзүндө ал ошондой болуп саналат, анткени совет мезгилинде жана азыркы кезде дагы орус тили өлкөнүн аймагында жашаган көптөгөн этностор, алардын ичинде татар, осетин, украиндер, корейлер үчүн, калып калган этникалык орус контингенти жөнүндө айтпаганда деле, негизги тил бойдон калат.
Орус тили дагы деле актуалдуу
1990-жылдардын башында Тажикстанды таштап орус тилүү калктын 70% кеткендигине карабай, орус тили өлкө ичинде көптөгөн чөйрөдө, анын ичинде бизнесте, искусстводо жана журналистикада кодонулат. Өлкөдө орус тилүү жалпыга маалымдоо каражаттары, жергиликтүү гезиттер, онлайн-платформалары жана радио станциялар, ошондой эле орусиялык каналдар популярдуу.
Академиялык чөйрөдө орус тили негизги мааниге ээ, анткени тажик академиктеринин илимий жана квалификациялык иштери Бүткүл Орусиялык Аттестациялык комиссия (БАК) аркылуу өтүүгө укуктуу. Ушуга байланыштуу, бардык ушул сыяктуу эмгектерди орус тилинде берүү керек. Мындай мамиле жергиликтүү окумуштуулар арасында жогорку популярдуулукка ээ. Ал эми орусиялык БАК тарабынан берилген илимий экспертиза кадыр-барк кошот.
Жергиликтүү 2011-жылдан баштап иштей баштаган Тажиктсандын аттестациялык комиссия 2017-жылы Тажикстандын билим берүү жана илим министрлигинин буйругу боюнча илимий эмгектерди орус же англис тилинге гана кабыл алат.
Тажикстандын 68%га жакын калкы тигил же бул деңгээлде орус тилин билебиз дешет. Башка сурамжылоонун маалыматы боюнча, суралгандардын 69% өздөрүнүн балдарына тажик жана англис тилдери менен катар орус тилин дагы окутууну каалаган тил деп аташкан.
Билим берүү чөйрөсүндө орус тилинин бекем статусу бар, анткени ар бир мектепте окутуунун негизги тили бар экендигине карабай, орус тилин үйрөтүү үчүн сааттар милдеттүү негизде бөлүнөт. “Тажик мектептеринде”, башкача айтканда сабактар тажик тилинде окутулган мектептерде орус тили экинчи класстан баштап орус тили милдеттүү окутулат, башка чет тилдери бешинчи класстан тартып, окуучунун тандоосу боюнча окутулат.
Суралгандардын 69% орус тили тажик жана англис тилдери менен катар өздөрүнүн балдарын окутууну каалаган тил экендигин көрсөтүшкөн. Сүрөт: gumilev-center.ru
Өлкөнүн аймагында жогорку билим берүү чөйрөсүндө толугу менен орус тилинде окутуу жүргүзүлгөн үч университет бар – Москва Мамлекеттик университети, Орус-Тажик Славян университети жана Болот жана эритмелер Москва институтунун филиалы. Калган башка көптөгөн мекемелерде дагы опус тилинде билим берген бөлүмдөр бар. 2008-2009-окуу жылдары жалпы бардык жогорку окуу жайлар боюнча орус тилинде 33,495 студент билим алган, бул жалпы студенттердин 28%ын түзөт.
Орус тили белгилүү бир орунду бекем ээлейт тенденция көрүнүп турат. Айрым кесиптердин өкүлдөрү, анын ичинде искусство ишмерлери жана академиктер орус тилин эгемендик жылдары дагы орус тилин активдүү колдонуп келет. Ошондуктан, орус тили айрым чектөөлөргө карабай, жалпысынан бекем позицияны ээлеп турат деген жыйынтык чыгарууга болот.
Орус тили өткөн жүз жылдыкта аткарып келген ортомчулук байланыш дагы мурункудай эле сакталып калган, бирок регионалдык мүнөзгө айланып баратат. Орус тили саясий-экономикалык мамиледе, анын ичинде КМШда дагы улуттар аралык деңгээлде башкалардын бөлөкчө саясий статуска ээ болду. Бирок, анын маанилүүлүгү Тажикстандын ички процесстери үчүн дагы айрым саясий факторлордун улам өсүп жатат.
Орусия менен болгон байланыш
Тажикстанда орус тилин колдонуу менен байланышкан дагы бир фактор – бул миграция. Орус тилин окутуу мектептерде милдеттүү сабак катары эле эмес, Орусияга иштөөгө кетүүнү пландап жаткандар үчүн кошумча билим берүүнүн алкагында дагы окутулат. Өлкөдө тил үйрөнүү борборлору иштейт, анда келечектеги мигранттар жаңы шарттарга көнүү үчүн жана иштөөгө уруксат алууга аттестациядан өтүү үчүн даярдоодон өтүшөт.
Орусияга болгон миграция орус тили мамлекеттик тил болуп саналган өлкөдө жашоону жана иштөөнү пландаган жарандар үчүн орус тилин билүү маанилүүлүгүн аныктайт. Сүрөт: e1.ru
Орусия үчүн бул арзан жумушчу күчүн камсыз кылат, ошондуктан жарандарды орус тили менен камсыз кылуу аспекти дагы ал үчүн маанилүү. Мындай даярдык миграциялык агымды, КМШнын башка өлкөлөрүнөн агылган миграция жогорку темпте күчөгөн 2000-жылдардын башынан баштап Орусияда проблемага айланган процессти контролдоо үчүн маанилүү.
Орусия азыркы учурда Тажикстан үчүн маанилүү, өзгөчө коопсуздук чөйрөсүндөгү стратегиялык өнөктөшү бойдон кала берет. Ошондуктан, Орусиянын аймагында эмгек мигранттарынын болушу мамлекеттер ортосундагы туруктуу мамилени кармап туруу үчүн факторлордун бири болуп саналат. Бирок, Тажикстанда орус тилинин колдонулган чөйрөнүн көптүгү эки өлкөнүн ортосундагы байланыш бир топ кеңири мүнөздө экендигин түшүндүрүп турат.
Орусия үчүн орус тилинин жайылышы кеңири саясий курстын бир бөлүгү болуп саналат. Тактап айтканда, мурунку советтик республикалар дын аймагында орус тилинин статусун колдоо планында. Мындан тышкары, Орусия КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Тажикстандын студенттерлине орусиялык окуу жайларбан билим алууга квота бөлүп берет. Орус тили, муну менен, орусиялык басымды сактап калууга багытталган жумшак күчтүн маданий-билим берүүчү куралы болуп калды.
Орусиянын серепчилери жана мамлекеттик ишмерлери колдонгон орус тилинин абалынын индикатору болуп орус тилинде сабак берген билим берүү мекемелеринин саны кызмат кылышы мүмкүн. Ошол эле учурда, мындай саясат үчүн максаттуу багыт болуп Белорусия менен Казакстандагы, ошондой эле орус тили расмий болуп саналган Кыргызстандагы орус тилинин статусун жана билүү деңгээлин атоого болот. Тажикстанда анын статусу жогору, бирок Белорусиядагыдай эмес, ошондой эле орус тилинде сабак берген мектептердин саны кыйда төмөн, ал эми тил билүү деңгээли ошол эле Кыргызстан менен Казакстанга жетпейт. Иштин мындай абалы Тажикстанда жана жалпы КМШда орус тилин бекемдөө үчүн орусия өкмөтү кандай чараларды колдонуп жаткандыгын түшүндүрүп турат.
Жыл сайын “Орус кызматташтыгы” орусия мамлекеттик маданий-гуманитардык уюмунун жергиликтүү өкүлү аркылуу мектептерге, өзгөчө тажик тилдүү мектептердин окуучуларына жана мугалимдерине жаңы китептер бөлүнөт. Ошондой эле, 2017-жылы жана 2018-жылы сентябрда Орусиядан Тажикстанга жергиликтүү мектептерде иштөө үчүн 50 орус тили мугалими жөнөтүлгөн. Буга кошумча, орусиялык министрлик тарабынан орус тилинде сабак берген 5 жаңы мектептин долбоору иштелип жаткандыгы айтылды. Аларды Тажикстандын калкы эң көп отурукташкан жана орус тилине суроо-талап салыштырмалуу жогору болгон беш шаарына куруу пландалууда. Жергиликтүү өкмөт акырындык менен тажик мектептеринде орус тилин окутууга бөлүнгөн сааттардын санын көбөйтүү боюнча саясатын жүргүзүп келет.
2017-жылы Тажикстандын Кожент шаарында Орус кызматташтыгы агенттигинин Орусиялык илим жана маданият борборунун өкүлчүлүгүнүн филиалын ачуу аземи. Сүрөт: ozodi.org
Орус муну менен Тажикстанда орус тилин билүү деңгээлине тынчсызданып жатканын көрсөтүүдө. Аны менен катар бул жумшак күч куралые жолго салуу боюнча стратегияга дагы толук шайкеш келет. Ошол эле учурда, Тажикстандын өкмөтү мындай абалга көмөк көрсөтөт, анткени өлкөдө орус тилине жана аны окутууга болгон суроо-талап канчалык жогору экендигин жакшы түшүнөт.
Окутуу
Орус тилинин расмий статусуна карата жакшы баанын жетиштүү экендигине карабай, Тажикстанда аны кыйла натыйжалуу окутуу үчүн тил чөйрөсү планында таңкыстык бар. Өзгөчө орус тилин окутууга мектептерде бөлүнгөн сааттардын саны жетишсиз экендиги белгиленген. Кырдаалды мындай баалоо орус тили канчалык суроо-талапка ээ экендигин эске алуу менен пайда болгондугун белгилей кетүү керек. Советтик учурда дагы, азыр дагы орус тилин билүү пайдалуу болуп саналат. Ата-энелер муну түшүнүшүп, балдарын окутуу толугу менен орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерге берүүгө аракет кылышат. Ошол эле учурда мындай мектептер бардык каалоочулар үчүн жетишсиз, көбүнчө алар толуп калат.
“Тажик мектептеринде” орус тилин практикалоого мүмкүн болгон тил чөйрөсү күндңлүк турмушта жок. Ал, чынында, милдеттүү чет тили болуп саналгандыгына карабай, башка чет тилдери окутулган шарттардан айырмаланып, окуучулардын саны абдан көп. Мисалы, анлгис тилин окутуу үчүн классты бир нече тайпаларга бөлөт, бул мугалимдин окуучулар менен менен болгон ишин жеңилдетет. Орус тили сабагында мугалим ар бир окуучуга көңүл бура албайт, бул окутуунун сапатын жана окуучулардын тилди үйрөнүүсүн төмөндөтөт.
Ушундай эле татаалдыктар орус тилдүү мектептер жок шаарларда жана шаарчаларда пайда болуп жатканын эске алганда көйгөй жалпы республикалык мүнөзгө ээ болот. Жергиликтүү жана орусиялык өкмөт тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар көйгөйдү чечүүдө эки тарап тең кызыктар экендигин көрсөтөт, бирок бул чаралардын натыйжалуулугун баалоо азырынча мүмкүн эмес. Кырдаалды өзгөртүү боюнча альтернативдүү сунуштар дагы бар, алардын арасында ички кадрларды кыйла интенсивдүү даярдоо бар, ал келечекте аталган проблеманы кыйла туруктуу чечүү боюнча стратегия түзө алат.жергиликтүү окутуучулар окутуунун сапатын жогорулата алат, ал эми мугалимдердин орусиялык контингентинен көз карандылык убакыттын өтүшү менен төмөндөйт.
Ошондой болгону менен, мындай альтернатива өз кезегинде кыйла олуттуу проблемаларга кайтарат. Эмгек акынын аздыгы, мугалимдер үчүн социалдык жеңилдиктердин жоктугу, жумушчу жүктүн чоңдугу чогулуп келип, тилекке каршы окутуучунун кесибин анчалык тарткылыктуу кылбайт. Өзгөчө өлкөнүн жогорку окуу жайларынын филология бөлүмүнүн жаш бүтүрүүчүлөрүнө тиешелүү.
Башка проблема бардык өлкө аймагы боюнча орус тилин окутуунун жеткиликтүүлүгүнө тиешелүү.
Тажикстандын билим берүү жана илим министрлиги берген 2017-жылдын баасы боюнча, 8 мугалим жетишпеген борбор калаа Дүйшөмбү менен салыштырганда Хатлон областында жана республикага баш ийген райондордо 138 жана 168 мугалим жетишппейт. Ошол эле учурда, “өзгөчө орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдеринин таңкыстыгы сезилет”.
Азыркы учурда бүткүл Тажикстан боюнча орус тилин билүү деңгээлине жалпы баа берүү кыйын. Кыйла ири шаарлар, эреже катары, орус тилинин жайылгандыгынын чоң деңгээли менен артык. Кыйла майда жана шаардын борборунан алыс шаарларда жана айылдарда тил чөйрөсү такыр эле жок. Эмгек мигранттарынын чоң бөлүгү айыл жерлеринен чыгарын эске алганда, орус тилин окутуу жана региондордо тиешелүү тил чөйрөсүн түзүү маанилүүлүгү – абдан жогору.
Жыйынтыгы
Орус тилин белүү деңгээли Тажикстандын азыркы реалийинде проблемалуу маселе бойдон кала берет. Бирок, мындай проблема ага болгон суроо-талаптын канчалык жогору экендигин түшүнгөндөн кийин пайда болот. Советтер Союзу учурундагыдай эле, орус тили калктын түшүнүгүндө карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу курал бойдон кала берет. Башка аспект анын актуалдуулугу – бул Орусия болгон миграция, орус тили мамлекеттик болуп саналган өлкөдө жашоону жана иштөөнү пландаган жарандар үчүн орус тилин билүүнүн маанилүүлүгүн аныктайт.
Орусиянын өкмөтү бул багытта белгилүү бир кадамдарды жасап жатат, анткени бул сурунку советтик мейкиндиктеги сырткы саясатта маанилүү стратегиялык элемент.
Тажикстандын бийлиги дагы буга кызыктар, орусиялык өкмөт менен кызматташуу муну далилдеп турат. Бирок, эгер келечекте бул маселе артыкчылыктуу багыттардын катарына кире турган болсо, жергиликтүү бийлик негизги ролду ойнойт.
Тажикстандын калкынын арасында орус тилин билүү деңгээлин жогорулатууга багытталган чаралардын варианттары төмөнкүдөй болушу керек:
- Тажик тилдүү мектептерде орус тилин окутуу саатынын санын көбөйтүү. Бул багытта иш учурда жүрүп жатат, бирок мындай чара канчалык натыйжалуу болорун баалоо зарыл, бул өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат;
- Педагогикалык бөлүмдөрдө окуган жергиликтүү студенттердин арасында орус тили мугалимдерин даярдоону жакшыртуу. Мындай адистиктер боюнча окутуу үчүн, анын ичинде орусиянын окуу жайларында дагы, стипендияларды бөлүп берүү варианты мүмкүн;
- Мындай вариантта бүтүрүүчүлөрдүн даяр жумушчу позицияларына бөлүштүрүү боюнча механизмдерди бекемдөө керек. Жумуш ордунун кепилдиги жагымдуу болушу мүмкүн, анын ичинде өлкөнүн чегинен тышкары окугандар үчүн дагы.
Аталган макаланын темасын карап чыгып, бирок жогоруда баяндалган маселенин чегинен чыкпай, орус тили калк арасында салыштырмалуу төмөн деүгээлде экендиги Тажикстандын жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Аны көп чөйрөдө пайдаланышат, ал дагы деле советтик учурдагыдай ортомчулук ролду ойноп келет. Орус тили шаар шарттарында бекем орун алган, ал эми орус тилдүү билимге суроо-талап өтө жогору. Анын соолуп бараткан абалын жөнүндө сөз кылып жаткан жокпуз, бирок аны практикада мурункудай пайдалануу кайтаруу жөнүндө азыркы учурда сөз кылууга болбойт. Орус тили Тажикстанда улуттар аралык пикир алышуунун тили бойдон кала берет жана терең орун алган чөйрөлөрдө артыкчылыктуу пайдаланылат.