Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү тоо кен өндүрүү тармагы: өнүгүүдөгү жетишкендиктер жана карама-каршылыктар

29 марта 2019 Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү тоо кен өндүрүү тармагы: өнүгүүдөгү жетишкендиктер жана карама-каршылыктар

Борбордук Азиянын аймагынын маанилүү бөлүгүн ири тоо массивдери каптап турат, бул региондун өлкөлөрнүн экономикасынын түзүмүнө жана жалпы кебетесине таасир этпей койбойт. Анда тоо кен казуу тармагы көрүнүктүү орундуу ээлегени мыйзам ченемдүү көрүнүш, бюджетке кыйла чоң киреше алып келет. Биринчи кезекте, сөз Кыргызстан, Казакстан сыяктуу мамлекеттер, бир аз – Тажикстан жана Өзбекстан жөнүндө болуп жатат.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүү контекстинде тоо кен тармагынын маанисин түшүнүү үчүн, өлкөлөрдүн өнөр жай өндүрүшүндөгү анын үлүшү өтө чоң экендигин эске алуу керек: Казакстанда түрдүү баа боюнча – 60%дан ашык, Кыргызстанда – 60%га чейин, Тажикстанда – 25%га чейин жана Өзбекстанда – 10%га чейин.

Анын үстүнө, пайдалуу кендерди казуу потенциалы ана дараметин толук кандуу баалоо үчүн белгиленген өлкөлөр кандай минералдык ресурстарга бай экендигин кеңири карап чыгуу керек. Ал эми энергетика тармагы региондун бир катар мамлекеттеринин экономикалык активдүүлүгү боюнча өзүнчө макаланы түзөт.

Жаратылыш байлыгы Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда тең бөлүштүрүлгөн эмес, бул жаатта белгилүү бир деңгээлде Казакстан лидер болуп саналат. Казакстандын чалгындалган минералдык ресурсу жер алдындагы темир (болот жана чоюндун негизиг булагы  болуп кызмат кылат), таш көмүр, фосфор, түстүү металлдардын (марганец, хром, алюминий, золото, жез, күмүш, коргошун ж.б.)жана урандын кенине, сейрек кездешүүчү металлдарга (вольфрам, сурьма, молибден, висмут ж.б.) бай экендигин көрсөткөн. Баары болуп 70тен ашык аталыштагыметалл жана андан ары колдонуу үчүн даяр эритиндилери казылып алынат. Аталган байлыктардын негизи бөлүгү Казакстандын Борбордук, Түндүк, Чыгыш жана Түштүк тарабынада жайгашкан.

Региондогу жаратылыш-минералдык ресурстардын байлыгы боюнча экинчи орунду Кыргызстан ээлейт. Биздин өлкө таш көмүрдүн, түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдардын (сурьма, сымап, алтын, калай, цинк, вольфрам ж.б.), урандын, кремнийдин, курулуш таштарынын (гранит, акиташ ж.б.) запасына ээ. Ушул жаратылыш байлыгы түрдүү концентрацияда биздин республиканын дээрлик бардык аймагы боюнча жайгашкан.

Бизге коңшу Тажикстан да маанилүү жана өзгөчөлүү тоо-кен байлыктарына ээ. Бул жерде түстүү жана сейрек металлдар (сымап, сурьма, коргошун, алтын, күмүш ж.б.), ошондой эле курулушташтары чыгуучу жерлер чалгындалган жана аныкталган. Өзгөчө баалуу жана жарым-жартылай баалуу таштардын (рубин, гранат, лазурит, бирюза, аметист, агат, оникс ж.б.) кум менен аралашмасын белгилей кетүү керек. Алар өлкөнүн чыгышында – Тоолуу Бадахшанда көп кезедешет. Ошол эле учурда өлкөнүн калган жаратылыш ресурстарынын негизги бөлүгү Тажикстандын борбордук, бир аз батыш, тоолуу райондорунан орун алган.

Өзбекстандын тоо-кен өндүрүү тармагы өнөр жай өндүрүшүндө салыштырмалуу аз пайызды түзгөнүнө карабай, түстүү жана сейрек металлдардын (алтын, күмүш, жез, марганец, вольфрам, молибден, цинк ж.б.), урандын, темирдин, фосфордун, көмүрдүн жана башка пайдалуу кендердин жетишерлик ири сырьёлук базасына ээ. Алардын чоң бөлүгү өлкөнүн борбордук жана чыгыш бөлүгүндөгү тоолуу массивдерден орун алган.

Жогоруда келтирилген баяндоодон кийин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чоң бөлүгү түстүү, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана асыл таштарга, металлдарга, темирге, көмүргө, фосфорго, курулуш таштарына, баалуу жана жарым-жартылай баалуу таштарга ай экендигин көрүүгө болот.

Бирок, ошол эле учурда Борбордук Азия өлкөлөрү казылып алынган жаратылыш-минералдык ресурстарын толук же жарым-жартылай кайра иштетүү боюнча ар түрдүү өнөр жай потенциалына ээ экендигин эске алуу керек. Бул мааниде башкалардын Казакстан өзгөчө бөлүнүп турат. Ага советтик доордон ушул профилдеги заводдордун жана фабрикалардын бай комплекси мураска калган. Жана да биздин коңшунун абийирине бул, мисалы биздин өлкөдөгүдөй чоң демонтажду башынан кечирбегендигин айтып өтүү керек. Ошондуктан, региондогу тоо кен казуу тармагы менен байланышкан индустриянын бир бөлүгү дал ушул өлкөдөн орун алган. Ал ири металлургиялык өнөр жай комплекстери, тоо-кен байытуучу комбинаттары жана башка өнөр жай объектилери менен берилген.

2000-жылдар чет элдик инвестициялардын акырындык менен агылып келүүсүнүн улам Казакстандын тоо-кен казуу тармагы жай, бирок туруктуу өсүүгө жетишет. Кийинки он жылда өлкөнүн дал ушул тоо-кен комплексине инновациявлардын 88% багытталгандыгы көрүнүктүү, экономикадагы маанилүүлүгү боюнча нефтегаз тармагынан кийинки оруга чыгат (бул мааниде бир катар түстүү металлдарды казуу жана кайра иштетүүдө улуттук флагман катары чыгып жүргөн «Казцинк» жана «Казакмыс» сыяктуу ири компаниялары бар). Бирок, маанилүү ийгиликтерине карабай, тоо-кен өндүрүү сектору сурункудай эле өнүгүүнүн экспорттук-сырьелук стратегиясына багытталган, башкача айтканда дүйнөлүк рынокко кийинки өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн багытталган жарым фабрикаттарды жана металлдарды жеткирип келет. Ал эми продукциянын өздүк баасы жогору жана сырьёнун сапаты төмөн болгондуктан сейрек кезедешүүчү металлдардын бир катарын (тантал, ниобий, вольфрам, калай) иштеп чыгуу акыркы он беш жылдын ичинде дээрлик токтотулган. Бул көпчүлүк жагынан казакстан индустриясынын ушул сектордогу продукцияны ички керектөө деңгээли төмөн болгондугу менен, өлкөнүн башка өндүрүштүк секторунда андан ары колдонуу дээрлик мүмкүн болбогондугу жана башка бир катар себептер байланышкан. Акыркы жыйынтыгында бул жаратылыш минералдык ресурстарынын жаңы казылып алынган жерлерин акырындык менен, ошондой эле жетишерлик туура иштетүүдө тоо-кен өндүрүү ишканаларынын сапаттуу өнүгүүсүн кыйла токтотуп турат. Бул уранды өндүрүү жана байытуу мисалында көрүнүп турат, анын көлөмү жылына 20 миң тоннага чейин жеткен, анын негизи бөлүгү экспортко гана кетет («Казатомпром» мамлекеттик компаниясы аркылуу).

Акыркы бир нече жылда казакстанда аныкталган мезгилдүүлүк менен мамлекеттик органдар деңгээлинде өлкө индустриясынын ушул секторун акырындук менен ресурстук-инновациялык стратегияга өткөрүү жөнүндө маселе көтөрүлүп келет. Бирок, өнөр жайдын бүтүндөй бир класстерин мындай стратегиялык өтүүсү маанилүү каржылык салымды талап кылат, ага азыркы учурда бир гана мамлекет жана ички финансы түзүмдөрү бара алат, чет элдик инвесторлро барышпайт. Акыркыларына эреже болгондой жогорку технологиялык деңгээли бар өздөрүнүн өлкөлөрүндө даяр продукцияны андан ары кайра өнөр жайда иштетүү үчүн алып кетүү кыйла пайдалуурак. Ошондуктан, Казакстандын тоо-кен өндүрүү тармагындагы салттуу маанилүү экспорттон көз карандылыгы сакталып гана турбастан, тереңдетүү үчүн айрым тенденциялары бар, өзгөчө туруктуу киреше түшүп турган учурда бул өлкөдөн сырьёну чыгарып кетүүгө бир  гана түрткү берет.    

Бегилүү бир деңгээлде тоо-кен өндүрүү жана кайра иштеүү өнөр жайында өзүнүн позициясын Өзбекстан сактап калган. Республиканын тоо-кен өнөр жай комплекси тоо-кен өндүрүүчү, байытуучу жана металлургиялык бир катар ишканалар менен берилген (алардын ирилери болуп Новои, Алмалык тоо-кен жана металлургиялык комбинаттар, «Узметкомбинат» жана башкалар саналат), алардын негизиги бөлүгү советтик мезгилден бери сакталып калган. Болгондо да, мамлекет индустриянын ушул тармагын тартиби менен инвестияларды салып, колдоп турган, болгондо да алардын 30% заманбап технологияларды жана жабдууларды сатып алууга коротулган.

Өлкөнүн индустриясынын ушул тармагындагы негизги орунду уранды казып алуу (жылына 2,5 миң тоннага чейин) жана андан ары өндүрүү ээлейт, ал экспортоодо жакшы жолго салынган. Казып алууну кеңейтүүгө жана уранды жарым-жартылай байытууга финансы ресурстарынын жана иннновациялык иштеп чыгуулардын негизги бөлүгү салынат. Мисалы, бул мааниде иштелип чыккан жана кеңири жайылтылган уранды жер алдында ажыратып алуунун натыйжалуу ыкмасын өзгөчө белгилеп кетүү зарыл, ал ушул ммнералды өндүрүүнүн деңгээлин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Металлдардын өнөр жайда өндүрүүнүн натыйжасында алынган чоң бөлүгү чет өлкөгө жиберилет (кара металлдан башкасы) жана алардын салыштармалыы анча чоң эмес бөлүгү ички өндүрүшкө киргизилген.

Кыргызстанда өткөн кылымдан 90-жылдарындагы маанилүү экономикалык төмөндөөгө карабай, пайдалуу кен байлыктарды казып алуу, кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк база жакшы жолго салынган. Мисалы, республикадагы ири ишканалардын бири Кадамжай сурьма комбинаты жарым-жартылай кубаттуулукта дагы деле иштеп жатат, бир нече жыл мурун толугу менен жабылуу алдында турган эле. Өнөр жайдын ушул тармагынын мурунку флагманы – Хайдаркен сымап комбинаты ждагы бир топ кыскартууну башынан кечирди. Мындан тышкары, биздин республика эгемендикке жетишкен жылдары башка жаратылыш минералдык ресурстарын, өзгөчө мурун өлкөнүн тоо-кен өндүрүү тармагынын маанилүү бөлүгүн түзгөн – жез, калай, уран жана сейрек металлдарды өндүүнү кыйла кыскарып кеткен.

Бир гана алтын жана көмүр казуу боюнча азыркы Кыргызстанда бир аз жылыш бар. Алтын казуу боюнча ири ишкана болуп Ысык-Көлдөгү “”Кумтөр Голд Компани” саналат, бирок ошол эле учурда ири алтын өндүрүүчү ишкана Чүй өрөөнүндө (“Алтынкен” ЖЧКсы) бар, ошондой эле Жер үй жана Макмал (Макмалда алтын өндүрүү токтоп калган) ири алтын чыгуучу жерлерди ишке киргизүү планда бар.

Көмүр пласттарын иштетүү Кыргызстандын Нарын, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл областтарында жакшы жолго коюлган, алардын ириси болуп “Кара-Кече” кени саналат. Көмүр иштетүү көлөмү боюнча салыштырмалуу анча чоң эмес колдонууга киргизилип жатканына карабай, эгемендик жылдарында аталган сырьёну өндүрүү советтик мезгилге салыштырмалуу дээрлик 10 эсе түшүп кеткендигин белгилей кетүү керек. Анын негизиги бөлүгү өнөр жай объектилерине эмес, калкты жулуулук менен камсыз кылууга кетип жатканын эске алганда, буга таң калуунун кереги деле жок.

Тажикстандын тоо-кен тармагында акыркы жыйырма жылдан ашык убакытта көзгө көрүнөрлүк төмөндөө болгон. Ал 1990-жылдардагы кан агылган жарандык согуш ажана андан аркы социалдык-экономикалык каатчылык менен байланыштуу. Бирок, 2000-жылдардын башктап бул республиканын тоо-кен өндүрүү жана кайра иштетүү тармагында айрым бир жылыштар байкалууда. Андагы маанилүү багыттардын бири болуп көмүр казуу саналат, анын негизги бөлүгү өлкөнүн түндүгүндө Шураб кенинде казылып алынат. Түстүү жана аларга окшош сейрек металлдарды казып алуу, негизинен жез казуу акырындык менен калыбына келтирүүдө (өзгөчө акырындык менен алтын менен күмүш өндүрүү өнүгүп жатат). Өлкөнүнү батышында жана борборунда алтын чыгуучу негизги шахталар жайгашкан. Алардын ириси болуп Пенджикент шаарындагы Тарор кени саналат, анын зарыл болгон нөнөр жай инфра түзүмү бар. Андан кыйла төмөн көлөмдө коргошун жана цинк Тажикстандын Алтын-Топкан жана Пайбулак кендеринде өндүрүлөт. Алынган сырьёдон дагы кошумча сейрек метаалдар алынат. Кантсе да, акыркы жылдары бул багытта аз-аздан инвестицияылардын агымы менен байланышкан бир аз жылыш байкалат. Ошол эле учурда советтик мезгилде баалуу минералдардын түрүн, тактап айтканда сурьма жана башка, активдүү казып алган бир катар өнөр жай ишканалары азыркы учурда өтө төмөнкү кубаттуулукта иштеп жатышат.

Тажикстандагы жарым-жартылай баалуу жана баалуу таштарды өнөр жайда өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө өзүнчө токтолуу керек, алардын негизги кендери Памирде (Тоолуу Бадахшанда) жайгашкан. Бирок, азыркы учурда аларды өндүрүү төмөнкү деңгээлде түрүп жатат жана өндүрүлгөн сырьёнун сапаты жогору экендигине карабай, алардан жасалган даяр продукциянын анча чоң эмес бөлүгү гана чет өлкөгө чыгат.

Мисалы, жогоруда айтылгандардын негизинде дээрлик дароо эле өнөр жай потенциалынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү тоо-кен ресурстарын казуу жана кайра иштетүү бир кылка өнүкпөгөндүгү көзгө урунат. Бул региондун ар бир өлкөсү үчүн ички жана сырткы чебептердин бүтүндөй бир комплекси менен түшүндүрүлөт. Бирок, ошентсе да, өзгөчөлүктөрүн айырмалоого болот. Мисалы, тармактын кыйла жогорку өнүгүүсү менен Казакстан алдыда, ал СССР мезгилинен калган индустриялык базанын негизги бөлүгүн сактап калган. Мындан тышкары, ички финансы агымын жана чет элдик инвестицияларды тартуу менен Казакстан жаратылыш минералдык ресурстарын казып алуу жана айрымдарын иштетүү чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке кызматташтыктын ийгиликтүү моделин түзө алды. Бул жыйынтыгында мамлекетке аз эмес жыйынды киреше алып келет. Бул мааниде Өзбекстан такыр башка жол менен кеткен, ал тоо-кен өнөр жайында мамлекеттик сектордун басым жасоосун туура көргөн, акыркы жылдары гана бул чөйрөгө чектелген чет элдик инвестицияларды тартууга аракет кылып келет. Негизи мындай кылдат мамиле бул учурда көп жагынан түшүнүктүү, анткени өзбекстандык өндүрүү өнөр жайынын негизги продукциясы болуп азыркы учурда кыйла келечектүү жана энергиянын стратегиялык булагы болгон уран саналат.

Ошол эле учурда Кыргызстанда жана Тажикстанда эгемендик жылдарында жаратылыш минералдык ресурстарын казып алуу жана айрымдарын иштетүү кыйла кыскарып кеткен (анткен менен, мунун себеби ушул эки өлкөдө эки башкача болгон). Ошондуктан, азыр гана инвестициялардын агымына байланыштуу бул тармакта акырындык менен жакшы тенденция байкалууда. Кыргызстанда каралып жаткан өнүгүү стратегиянын негизги өзгөчөлүгү болуп өнөр жай ишканаларынын негизги бөлүгү чет элдин жана республиканын жарандарынын жеке колуна дээрлик толук өткөнү саналат. Ошол эле учурда Тажикстан өзүнүн иштөө түзүмү боюнча Казакстанга жакын моделди тандап алууга аракет кылып келет. Пландалган же ачылып жаткан тоо-кен ишканаларынын негизги бөлүгүнө маанилүү мамлекеттик үлүштү сактоо менен көрүнүктүү чет элдик инвестицияларды тартууда.

Жалпысынан борбор азия мамлекеттеринин тоо-кен өндүрүү тармагы чет элдик инвесторлордун кызыгуусун пайда кылат. Көрүнүктүү каржы агымдары чет элдик инвесторлор тарабынан кайсы тармактарга багытталып жатканынан улам айрым чет өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктары ачык эле көрүнүп калат.

Мисалы, кыйла артыкчылыктуу тармактардын бири болуп баалуу металлдарды, биринчи кезекте алтынды казып алуу саналат. Региондо ага жүздөгөн чет элдик компаниялар катышат, өзгөчө Кыргызстанда, Казакстанда (анын ичинде Чыгыш-Казакстан областтарында) жана Тажикстанда. Анда башчылык роль канадалык ишканаларга (Кыргызстан, Казакстан) тиешелүү, бирок ошол эле учурда Орусиянын (Казакстан), Улуу Британиянын (Тажикстан), Ирландиянын (Казакстан) компаниялары да бар. Акыркы он жылдыкта алтын казып алууда чоң активдүүлүгүн Кытай көрсөтүп жатат, ал Кыргызстан жана Тажикстанда бир катар биргелешкен ишканаларды ачып салды.  

Кытай болсо башка түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдарды казып алууну жолго салууга кызыктар, аларга бул өлкөнүн экономикасы чоң суроо-талап жаратып келет. Ошондуктан, Кытай Кыргызстандын жана Тажикстандын тоо-кен казуу өнөр жайында маанилүү инвесторлордун бири болуп саналат. Аны менен катар ушул эле тармакта Казакстанда дагы иш алып барууга аракет кылып келет. Андай болгону менен, Казакстанда азыр деле орусиялык корпорациялардын позициясы күчтүү, анткени көпчүлүк учурларда түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүүнүн акырыкы циклдары орусиялыку өнөр жай ишканалары менен байланышкан. Мисалы, «Северсталь» ири корпорациясы көрүнүктүү каржы каражаттарын Хайдаркен сымап комбинатына инвестициялаган, ал жакта бир эле сымап эмес, окшош жаратылыш ресурстарын – сурьма жана флюорит да өндүрүп жатат. 2000-жылдардан баштап бул жаратылыш минералдык ресурстардын түрүн казып алууга канадалык, америкалык жана жапон компаниялары, өзгөчө алюмин чыгуучу кендерди иштетүү мүмкүнчүлүгүнө кызыгып келет.

Чет элдик инвесторлор көрүнүктүү активдүүлүктү уранды казып алуу жана жарым-жартылай иштетүү тармагына бөлөт. Бул мааниде Казакстандагы уран тармагынын өнүгүүсү кызык, ал негизинен “Казатомпром” мамлекеттик компаниясынын колунда турат, ал аркылуу продукция чет өлкөгө жеткирилип турат. Ошол эле учурда аталган компания орусиялык “Атомредметзолото” холдинги менен активдүү кызматташып келет. Ал “UraniumOneInc” компаниясы аркылуу үлүштөргө ээлик кылат жана Казакстан менен уран өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды активдүү өнүктүрүүнү жүргүзүп келет. Негизи бул өлкөнүн уран ресурстарынын негизиг бөлүгү канадалык “Cameco” компаниясы таратынан казылып келет. Өз кезегинде анын инвесторлору болуп бир катар батыш өлкөлөрү саналат.

Өзбекстанда уран казууга чоң кызыкчылыгын жапон жана кытай компаниялары көрсөтүп келет. Кытайлар жапондорду кыйла түртүп чыгарууга жетишип калды, анын жыйынтыгы 2009-жылы биргелешкен «Uz – ChinaUran» ишканасын түзүү болуп калды. Ошол эле учурда узак мезгилдин аралыгында өзбек уранынын негизи сатып алуучусу сырткы рынокко автивдүү жеткирип турган америкалык «NukemInc.» компаниясы болгон. Бирок, Өзбекстан менен АКШнын мамилелеринин татаалданышына байланыштуу аталган ресурс менен соодалашуу кызматташуусу кыскарган, бул экспорттун башка каналына акырындык менен кайра багыт алууга түрткү болгон.

Ошентип, тоо-кен казуу жана аны менен байланышкан кайра иштетүү секторундагы өнөр жай тармагында Борбордук Азиянын айрым өлкөлөрүнүн инвестициялык саясатына кыскача талдоо жүргүзүүдө улам региондун байлыктарына жетүү мүмкүнчүлүктөрүндөгү негизги атаандаштык түйүндөр ачык болду. Маанилүү карама-каршы пикирлер уран өндүрүү тармагында пайда болот, анда дароо эле бир нече мамлекеттердин – Орусияынын, канаданын, АКШнын, Кытайдын жана Жапониянын кызыкчылыктары кагылышат. Ушул мамалекеттердин баары “өзөктүк клубга” киришет жана тынчтык жана согуштук атом чөйрөсүндөгү иштеп чыгуулар үчүн арзан жана жогорку сапаттагы сырьёго ээ болууга кызыктар. Ошондуктан, өз ара пайдалуу биргелешкен ишканаларды түзүү региондун уран байлагын бөлүштүрүү боюнча маанилүү куралдардын бири болуп саналат. Бул мааниде 2000-жылдардагы орусиялык инвесторлор тарабыанн сырьё казып алуу аракети өтө көрүнүктүү, ал орусиялыктар үчүн ийгиликсиз аяктаган.

Борбордук Азиядагы башка атаандаштык түйүн алтын казуу өнөр жайында болуп жатат, анда орусиялык, канадалык жана кытай компанияларынын кызыкчылыктары түздөн-түз кагылышат. Алар акыркы учурда бул тармакка кирүү үчүн жетишерлик агрессивдүү тактиканы колдонуп келет. Бул мааниде ачык мисал болуп жакында эле Тажикстандын Согди областындагы “Жогорку Кумарг” жана “Чыгыш Дуоба” алтын чыгуучу жерлерди иштетүүгө кытайдын ТВЕА компаниясы ээ болгондугу саналат. Ал эми бир нече жыл мурда кытайдын ушул компаниясы Кыргызстанда дагы сары металл жана башка кендерди казып алууга активдүү киришкен эле. Ошондуктан, чамасы жакынкы жылдары кытай инвесторлору бул тармакта маанилүү деңгээлде канадалык жана орусиялык компанияларды сүрүп чыгара алышат.

Алтындан башка Кытай активдүү башка түстүү жана сейрек кездешүү металлдарга кызыгуусун арттырууда. Аларды казып алууда бул өлкө өзгөчө Тажикстанда жана Кыргызстанда маанилүү өндүрүүчүлөрдүн бирине айланышы мүмкүн. Кытай компаниялары Казакстанда дагы башка инвесторлорду кысымга алышы мүмкүн.

Ошол эле учурда Борбордук Азияда тоо-кен өндүрүү тармагына ички инвестициялоо процесстери да байкалууда. Мисалы, бир катар казакстандык компаниялар Кыргызстандагы айрым жаратылыш минералдык ресурстарын кызып алууга финансы каражаттарын салып жатат. Бул мааниде «Казакмыс» компаниясын өзгөчө бөлүп айтууга болот, ал биздин республиканын Жалал-Абад областындагы “Бозумчак” жез кенин иштетүүдө активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Анткен менен, жез концентраты кийин казактандын металлургиялык заводдоруна жеткирилет.  

Акыркы факт Борбор Азия өлкөлөрүндө маанилүү жаратылыш байлыктарынын болушу биздин регион кайсы бир мамлекеттин, жада калса бүтүндөй бир региондун сырьёлук аймагына айлануусун билдирбейт экендиги көрүнүп турат. Мындай кайгылуу катышуулардан арылуу үчүн тоо-кен казуу тармагына чет элдик инвестицияларды тартып эле тим болбой, кайра иштетүүгө да инвестициялоо керек. Анткени, сырьё эмес, даяр продукт же жарым фабрикат жекирүү кыйла пайдалуу, аны андан ары кыйсы бир продукцияны өндүрүүдө пайдалануга болот.

Бул мааниде региондун өлкөлөрү үчүн, Кыргызстан үчүн дагы, экономиканын ушул эки турмаганда биргелешкен ишканаларды түзүү принципөбинде түзүлгөн ири долбоорлор кыйла кызыктуу. Ишкананын акцияларынын контролдук пакети маанилүү чет элдик жана ички жеке инвестициялар менен мамлекетке тиешелүү болушу керек. Болбосо, биз «КумторГолд Компани» ишканасынын көп жолку клондолгон вариантына ээ болушубуз мүмкүн, анын кирешелеринин маанилүү бөлүгү чет өлкөгө агылып жатат. Бул жалпысынан Кыргыз Республикасы үчүн, жада калса өлкөнүн бюджетине маанилүү салык чегерүү шартында дагы (орточо жыл сайын жолпы көлөмдүн 5-10%), кызматташуунун пайдалуу варинаты болуп саналбайт.

Кантсе да, бул мааниде региондун алкагында региондун ичиндеги жана КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн инвесторлорду тартуу менен байланышкан пайдалуу экономикалык шарттарды түзүү жакшы роль ойнойт. Анын үстүнө, аларды мурда салыштырмалуу өнүккөн транспорттук инфра түзүмү, региондогу казылып алынган жаратылыш-минералдык ресурстарын айрым же толук кайра иштетүү цикли үчүн индустриялык комплекстин болушу, салыштырмалуу кымбат эмес жумушчу күчү (анын ичинде квалификацияланган) менен Борбордук Азиянын пайдалуу географиялык абалы кызыктырып келген. Жагымдуу инвестициялык шарттар менен бардык ушул факторлордун жыйындысы региондун жалпы экономикалык өнүгүүсүнө абдан жакшы таасир тийгизиши мүмкүн.

Денис Бердаков, саясат таануучу