Конор Макгрегор карьерасы аяктагандыгын билдирди

27 марта 2019 Конор Макгрегор карьерасы аяктагандыгын билдирди

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор аралаш мушташ өнөрү боюнча карьерасы аяктагандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

"Салам, достор. Шашылыш билдирүү: мен аралаш мушташ боюнча спорттон кетейин деп чечтим. Өзүмдүн эски кесиптештериме ийгилик каалайм. Мен эми пенсиядагы мурунку өнөктөштөргө кошулам", - деп жазды Макгрегор өзүнүн Twitter'деги баракчасында.

Эске салсак, Макгрегор UFC'нин эки салмагында чемпион болгон.

Макгрегор аралаш мушташ өнөрү боюнча карьерасында 25 беттеш өткөрүп, алардын ичинен 21 жеңишке жетип, 4 жолу жеңилип калган.

UFC'деги акыркы беттешин ал 2018-жылы октябрь айында өткөрүп, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/.