Кыргызстанда паспорт алуунун жана алмаштыруунун баасы арзандады

27 марта 2019 Кыргызстанда паспорт алуунун жана алмаштыруунун баасы арзандады

Кыргызстанда 12-марттан тарта ID-карта менен жалпы жарандык паспорт алуунун жана алмаштыруунун баасы арзандады. Бул тууралуу мамлекеттик "Инфоком" ишканасы кабарлады.

Баалар Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2019 жылдын 21-февралындагы буйругунун негизинде өзгөрдү.

Айрым кызматтар 30 сомдон 270 сомго чейин арзандады.

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/.