Венесуэла: АКШ баштайт жана жеңилет

27 марта 2019 Венесуэла: АКШ баштайт жана жеңилет

Мадуронун өкмөтү туруктуулукту көрсөтүп келет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Венесуэланын президенти Николас Мадурону “оорулуу тиран” деп атады жана бул өлкөдө демократияны калыбына келтирүү үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алуу керек деп коркутту. Кезектеги “калыбына келтирүү” аракети үзгүлтүккө учурап, Помпеону дипломатиялык тилге таянууга аргасыз кылды. Вашингтон чыдамуулугун жоготуп жатканы көрүнүп турат.

Венесуэла өкмөтүнүн ураксаты жок Колумбия чек арасы аркылуу өтө турган “гуманитардык жардам” АКШнын уюшутурган конвойлору венесуаланын аскерлери тарабынан токтотулуп, артка кайтарылды. Үч адам каза болуп, 300гө жакыны жаракат алышты.

Провокацияны XIX кылымдын колонизаторлорунун схемасы боюнча уюштурушкан: кубангыла, биз силерге нан жана жаңы уруунун жол башчысын алып келебиз. Сергей Лавров бул акцияны гуманитардык жардамды туура эмес саясатташтыруу деп мүнөздөдү. Жапайы төңкөрүштөр болуп келген Латын Америкада мындай спектакль менен эч кимди таң калтыра албайсың. Вагондордогу азык-түлүктөрдүн көлөмү театралдык реквизиттер сыякту эле көрүнөт, ал эми жаңы жол башчы Хуан Гуайдонун такка келиши кызык болду: жалганчы, Венесуэлага азык-түлүк жашиктеринин арасында кирип барды, - бул дээрлик анегдот.

Гуайдо өз кезегинде америкалык акча менен кезде “түстүү революция” уюштурууга аракет кылып көргөн жана өзүнүн жактоочуларды баш ийбегиле деп, өзүн президент катары жарялаган. Жактоочулар аз болгондуктан, жаңы чыккан жол башчыга чет өлкөгө качууга туура келген(иш сапарга деген шылтоо менен кеткен).

Америкалык “жүктүү араба” менен бийликке келүүнүн экинчи аракети да ишке ашкан жок. Конвойду кууп таратышып, спектакль токтоп, актерлор туш-тушка тарап кетишти.

Мунун баары Дональд Трамптын кыжырын келтирди. Ал эркин болууну каалабаган өлкөгө каршы мындан да катуу чараларды колдонууну уланта тургандыгын ачык айтты. Трамп Венесуэлага катыштуу бардык сценарийлерди, анын ичинде аскердик операциянын мүмкүнчүлүгүн караштыра турганын билдирди. Ошентсе да, бул азырынча сөз гана. Ак үйдө башаламандык: Гуайдонун көтөрүлүшү үчүн акча жана “гуманитардык жылыштын” уюштуруусуна кеткен акча шамалга учуп кетти, өлкөдө оппозициялык күчтөрдүн олуттуу активдүүлүгү болгон жок.

Куралдуу төңкөрүштү даярдоо керекби? Бул кыйын. 2017-жылдын жайында Венесуэла президенти Николас Мадуро Герра: “Эгер биздин туулган жерибизди кор кыла турган болсо, анда Трамп мырза, Нью-Йоркко курал-жарактар жетмек... Жана сизге Вьетнам майда-барат иштей көрүнүп калмак деп эскерткен. Ооба, бул жаштык кумарлык, бирок Латын Америкада янкилер жана “латиностор” менен согушууну каалагандар жана АКШда жетиштүү. Вашингтондо Никарагуа менен Кубадагы режимдерди өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө бир нече жолу айтылган, бирок бул режимдер азыркыга чейин бекем сакталууда.

Ошондо АКШ Венесуалада кайсы “чыныгы демократияны” калыбына келтиргени жатат?

Уго Чавестин режимин АКШ демократиялык деп эсептебегендиктен, чамасы анын ишин улантуучулар Андрес Перестин жана Рафаэль Кальдеранын башкаруусун эске алып аткаса керек. Алар Венесуэлада неолибералдык экономиканын моделин киргизишкен. Ал АКШнын нефти корпорацияларына өлкөнүн байлыгын алып чыгып кетүүгү, калкты кедейликте кармоого мүмкүндүк берген. Уго Чавестин Боливар революциясы бул мураскерликти жок кылган, азыр аны АКШнын администрациясы Колумбияда отурукташкан Хуан Гуайдонун колу менен калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат.

Эл аралык аренада Венесуэла жалгыз эмес. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде АКШ менен Орусия сунуштаган Венесуэла боюнча резолюциянын эки долбоорунун концептуалдык кагылышуу учурунда Кытай менен Түштүк Африка сыяктуу державалар орусиялык долбоорго добуш беришти. Николас Мадуронун Латын Америка өлкөлөрүнүн башчыларынын арасында дагы жактоочулары бар.

1-мартта Венесуэланын аткаруучу вице-президенти Дельси Родригес менен болгон жолугушууда Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров республикага азык-түлүк жана дары-дармектерди жеткирүүнү убада кылды. Муну менен катар, Орусия ачкачылыкка каршы күрөшүүдө негиз болуп саналган Венесуэланын муктаждыгын дан азыктары менен толук канаттандыра алат. Венесуэла орусиялык жеткирүүлөрү үчүн орус өнөктөштөрү менен иштеп чыгууга арналган өзүнүн мунайы менен эсептешет. Венесуэланын экономикалык тумчуктуруусуна болгон үмүмтү жоголуп барат. 1-мартта Николас Мадуро Лиссабондогу Petroleosde Venezuela SA (PDVSA) мамлекеттик мунай компаниясынын өкүлчүлүгүнүн жабылганын жана анын Москвага көчүрүлгөнү тууралуу жарыялады.

АКШ Венесуэладагы башкарууну “түстүү революция” ыкмаларынын жардамы менен режимди кулатуу эсеби акталган жок. Январь-февралдын оор жумаларында Венесуэла чыдады, ал эми анын өкмөтү туруктуулугун көрсөттү. Мадуро өкмөтү аскерлердин жана көпчүлүк жарандардын колдоосуну ээ болду. Эл аралык колдоонун өсүүсүнө үмүт бар. Балким, ошон үчүн Вашингтон Москванын тегерегинде дипломатиялык аракеттерди баштады. Майк Помпео телефон аркылуу Сергей Лавров менен байланышып, “Каракастагы кырдаалды талкулоого” чакырды. Сыягы, АКШда Москваны өзү жакка баш ийдирүү аракетинен баш тарткан эмес. Бирок, буга чейин бир нече жолу уккан жоопту кайра эле угушат, - эгемен мамлекеттин ички иштерине кийлигүүшүнүн кереги жок.

Каракаста тил алчаак янки режимин куруу үчүн Вашингтондо кандай жаңы комбинацияны ойлоп табышат? Венесуэланы тынч койбосу айкын көрүнүп турат. Аскердик агрессиянын мүмкүндүгүн да жокко чыгарууга болбойт. Бирок, азырынча мындай учурда шахматта айтылгандай, АКШ баштайт жана жеңилет. Кандай болгондо да, биринчи партияда.

Стратегиялык маданият фонду