АКШ Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүүгө даярданып жатат: Конгресске өлкөнүн аймагынан америкалык күчтөрдү чыгаруу жөнүндө мыйзам добоору киргизилди. Бирок, эгер Штаттар чыгып кетсе, оогандын куралдуу күчтөрү өз алдынча талибдерге каршы тура алышабы, проблема мына ушунда. Эгер Орусия, Кытай жана Пакситан мындан ары Борбордук Азиянын туруксуз болушун каалашпаса, региондогу кийинки жаңжалдарды алар чечүүгө туура келип калат.
Бизден кийин суу каптаса да мейли
АКШнын сенаторлору республикачы Рэнд Пол и демократ Том Юдолл Конгресске “Мыкты кызмат өтөөдөн кийин америкалык аскерлердин кайтуусу жөнүндө” Мыйзам долбооурн киргизишти (The 2019 American Forces Going Home After Noble Service Act). Чынында, бул кадам менен мыйзам чыгаруучулар Ооганстандагы аскердик контингентти дээрлик 14000 кишиден эки эсе кыскартуу жөнүндө АКШнын президенти Дональд Трамптын чечими алдында Конгрессте укуктук базаны камсыз кылуу процессин ишке киргизишти.
Долбоордо Ооганстандагы АКШнын миссиясынын жеңишин жарыялоо каралган. Ошондой эле мыйзма Пентагон менен президентти Ооганстандан америкалык үкчтөрдү чыгаруунун планын 45 күндүн ичинде даярдоого милдеттендирет, аны бир жылдын ичинде аягына чыгаруу керек. Мындан тышкары, 3 миллионго чукул аскер кызматкерлери, Ооганстандагы согуштун ардагерлери ферералдык өкмөттөн 2,5 миң доллар өлчөмүндө акчалай жөлөкпул алышы керек (жалпысынан 7,5 млрд доллар).
Конгресс тарабынан мыйзма долбоорун кабыл алуу суроо алдында турат, бирок ал республикачылар жактан да, демократтар жактан да колдоого ээ болушу мүмкүн.
Конгресстин салыштырмалуу белгилүү жаш мүчөлөрүнүн бири демократ Александрия Окасио-Кортес америкалык куралдуу күчтөрдү чет өлкөдө колдонуу контекстинде ирак компаниясы тууралуу билдирди: “Конгресстегилердин баары [ошондо] ката кетиришкен <…>, бул менин муунумду өлүмгө алып келүүчү жана жаңылыш согушка алып келген, ал жөнүндө баары кийин өкүнүп калган”. Анын пикиринде, АКШ дагы Ооганстанда болбошу керек эле.
Ачык булактардан Ооганстандан өзүнүн күчтөрүн чыгарып кетүү боюнча америкалык пландын шилтемелери түшүнүктүү болуп чыгууда. Бирок, Дохадагы “Талибандын” саясий канаты менен АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзаддын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү ооган маселесинин чечилишине али көп бар экендигин көрсөтөт.
Америкалыктар үчүн талибдер менен сүйлөшүүдө үч маселе маанилүү: “Талибандын” согуштук аракеттердин толук токтотуусу жөнүндө билдирүүсү, талибдер менен Ооганстандын өкмөтүнүн ортосунда олуттуу сүйлөшүүлөрдүн башталышы, ошондой эле Ислам мамлекети же “Аль-Каида” өңдүү террористтик топтордун өсүүсүнө жол бербөө.
Бул америкалыктарга өздөрүнүн аскерлерин тездик менен алып чыгып кетүүгө мүмкүндүк бермек.
Ошондой болсо дагы “Талибандын” өзүнүн шарттары бар. Эгер Ислам мамлекетинин радикалдары менен күрөшүү маселеси боюнча уюм АКШ менен бир позицияда турса, анда өкмөт (аларды талибдер Вашингтондун марионеткасы деп эсептешет) менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү проблемаларды майда-баратына чейин карап чыгууну талап кылат. Мисалы, талибдер өлкөдөн чет элдик күчтөр чыгарылганга чейин ооган өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр эмес. Мындан тышкары, өкмөт менен сүйлөшүүлөрдүн өзү талибдерди саясий процесске интеграциялашуусу жөнүндөгү маселени коюп келет. Бул кандайча жүрөт? Эгер сөз министрлик портфелдер жөнүндө жүрүп жатса, анда өкмөттүн “Талибандар” менен бөлүшүүгө даяр экендиги күмөн жаратат.
Америкалык контингетти чыгаруу учурунда алар тарабынан даярдалган Ооганстандын куралдуу күчтөрү талибдерге натыйжалуу каршы тура алышпайт.
Ооганстандык өкмөтү менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүлөр ишке ашпай кала турган болсо (эгер алар деги эле башталса), өзгөчө АКШ оогандын коопсуздук күчтөрүн каржылабай турган болсо, кайрадан согуштук аракеттер башталат.
Ооганстандан СССРдин жоокерлери чыгарылгандан кийин Кабулдагы советтик союздаштар Москвадан каржылоо келип турган учурга чейин кармалып тургандыгын америкалыктар жакшы билишет.
Америкалыктар кырдаалдан чыгуунун альтернативдүү жолдорун талкуулап жатышат. Ооганстанда коопсуздукту америкалык каржылоонун бир бөлүгү өлкөдө америкалык аскердик жеке компаниялардын ишине, анын ичинде Эрик Принстин түзүмүн кошкондо, пайдаланылышы мүмкүндүгү көрүнүп турат. Мындай мамилеге АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Джон Болтон дагы макул.
Жаңжалды эл аралык деңгээлде өлчөө
“Талибан” кыймылы менен АКШнын ортосундагы созулуп кеткен сүйлөшүүлөрдүн фонунда ооган жаңжалына тартылган бардык тараптардын кулак түрүүсү күчөп барат. Кырдаалга Орусия менен Кытайдын мамилеси өзгөчө маанилүү. Индия менен Пакистандын куралду жаңжалынын шарттарында ШКУнун жатыйжалуугу күмөн туудурат. Кытай мурункудай эле бардык тараптар ортосунда өлкөнү реконструкциялоо үчүн ресурстарын берүүгө даярдыгы сүйлөшүлгөндүгүн айтып келет. Ошол эле учурда, Пекин уйгур маселесинен улам Ооганстанда террористтик топтор үчүн тынч аймакты түзүүгө кызыктар эмес.
Орусия үчүн эл аралык трероризм менен күйрөшүү жана баңгизат трафигин контролдоо проблемасы баштагыдай эле негизги мааниге ээ.
Ооганстандан америкалык күчтөрдүн тездик менен чыгып кетүүсү кырдаалды туруксуздаштыруусу мүмкүн, бул бардык тынчтык демилгелерин кыйратууга, ооган ичиндеги күчтөрдүн ортосундагы согуштун жаңы багытына жана акыр аягы Кабулдун радикалдардын контролуна өтүүсүнө алып келет.
Мындай кырдаал кырдаалды мындан ары радикалдаштыруу менен кооптондурат жана кризситик зонанын Ооганстандын саясий-географиялык чек араларынын чегинен чыгып кетүүсүнө алып келиши мүмкүн. Бул борбор азия мамлекеттерин алсыздандырышы мүмкүн. Мына ушул себептен Орусия Борбордук Азия регионуну өлкөлөрү менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүүнү улантат. Тажикстанда орусиялык аскердик база бар, ар дайым биргелешкен окууларды өткөрүп турушат. 2018-жылдан тартып коопсуздуктун регионалдык чакырыктары менен күрөшүү боюнча аракеттерди иштеп чыгуу зарылдыгынан улам биргелешкен магышууларды Тажикстан менен Өзбекстан өткөрүп турат. Мындан тышкары, Тажикстанда ЖККУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен “Кыйрагыс туугандык-2019” деген аталыштагы биргелешкен машыгуу өтөт.
Москва америкалыктардан сүйлөшүү жүргүзүү күн тартибин алапы алганы менен, аны кайталаган жок. Орусиянын президентинин ООганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабуловдун пикири боюнча, “москвалык формат” – Ооганстан ичиндеги улуттук элдештирүү жөнүндө, ошол эле учурда талибдер менен америкалыктардын сүйлөшүүлөрү – андан ары да ал жакта болуу же чет элдик аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу.
Ошол эле учурда, Халилзада АКШнын атынан, Кабулов Орусиянын атынан москвалык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын мырзалык кылып эки демилгенин тең пайдалуулугу жөнүндө билдиришти. Бирок, Ооганстан АКШ менен Орусиянын биргелешкен жана координацияланган чекити боло алабы деген маселе ачык бойдон калууда.
Чамасы, регионалдык мүнөздөгү көпчүлүк факторлор Москва менен Вшингтондун конструктивдүү диалогунун таризделишине жол бербейт. Алар: америка-иран мамилеси пакистан-индия жаңжалы, ооган ичиндеги тирешүүлөрдүн өзү жана орусия-америка мамилелеринин динамикасы.
Өзгөчө америкалыктар катуу чарадан баш тартышпайт экендигин эске алганда, керек болсо көздөгөн максаттары боюнча дагы кетпей коюшат. Мисалы, 2018-жылы улуттук коопсуздук боюнча мурунку кеңешчиси, азыркы Ооганстандын президенттигине талапкер Мухаммад Ханиф Атмарды кызматтан бошотуу менен ачык көрсөтө алды.
Дохада дагы, Москвада дагы борбордук өкмөттүн катышуусусуз өткөн сүйлөшүүлөргө нараазы болгон азыркы перзидент Ашраф Ганинин мүмкүнчүлүгү 2019-жылы июлда өтө турган шайлоодо оптималдуу түрдө азайып бараткандай. Дал ушул шайлоодо америкалыктар талибдер менен макулдашууга жетишүүгө аракет кылып жатат. Ошол учурда Кабулдагы саясий күчтөр өлкөнүн президенти Ганинин башкаруучу ресурстардан аскердик-саясий элитанын бир бөлүгүн четтетүү менен байланышкан 2018-жылдагы окуялардан улам көпчүлүк жактан бөлүштү бойдон калууда. Бул дагы саясий процесске аныкталган багытты бере албайт.
Ушул шарттарда америкалыктар башка күчтөргө Ооганстандагы кырдаалга жоопкерчиликти колуна алууну сунуштап жатышат.
Эгер АКШ чынында өлкөдөн чыгып кетүүнү баштаса, анда региондо туруксуздук тобокелдиги аргасыз пайда болот. Бул мааниде көпчүлүк регионалдык жана региондон тышкаркы оюнчуларга аларды америкалыктарды басууга туура келет. Кызыктар тараптар менен кызматташуунун жана ооган күчтөрүн каржылоонун алдында АКШнын күчтөрүн даярдалган жана пландалган чыгарып кетүү эң мыкты сценарий болуп калмак.