Президент Москва райондук сотунун судьясын иштен алды

31 октября 2018 Президент Москва райондук сотунун судьясын иштен алды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликс кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 30-октябрда билдирди.

Буга чейин Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы Марлес Феликсти кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук берген. Анын эмненин негизинде айыпталганы азырынча белгисиз.

Өткөн аптада Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрайымы Элвира Жаркееваны кызматтан алган. Кийинчерээк ага карата кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

https://www.azattyk.org/a/29574263.html